Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:29

БОЗГУНДАРДЫН ТАГДЫРЫ БҮДӨМҮК


Анжиян окуясынан кийин Кыргызстанга качып келген өзбек атуулдарынын тагдыры боюнча эл аралык деңгээлде талкуу жүрүүдө. Бул маселе боюнча Кыргызстанга Бириккен Улуттар уюмунун Баш катчысы Кофи Аннан, Европа Биримдигинин Жогорку комиссары Хавьер Солана билдирүү жасап, качкындар маселесин эл аралык конвенцияларга ылайык чечүүнү эскертүүдө. Бирок өлкөнүн Башкы прокурору Азимбек Бекназаров кылмышкерлер коңшу мамлекетке өткөрүлүп бериш керек деген пикирде.

Мындай пикирин Башкы прокурор Азимбек Бекназаров 25-июнда да тастыктады. Анын айтымында, учурда Бириккен Улуттар уюмунун өкүлдөрү Ошто камакта турган 29 качкынды жеринде иликтөөдө. БУУнун өкүлдөрүнө берген сунушун Бекназаров мындайча билдирди:

-Мен аларга эскертим жатам, 29 кишиге тынчызданбай эле койгула. Алар кылмышкерлер. Аларды текшерип бүткөндөн кийин баары бир беребиз. Силер эң башкысы 400 адамды Кыргызстандан чыгарып кеткенди чечкиле деп сунуштап жатам.

Бирок кылмышкерлерге да БУУ бүтүм берет дейт Бекназаров:

- Кылмышкерлерге да булар бүтүм берет. Кылмыш кылганы чын экен деп, баш тартат. Биз ошондон кийин бере баштайбыз. Эгерде бир жуманын ичинде ал ишти аткарбаса, биз бир тараптуу түрдө бере баштайбыз. Муну биз кат жүзүндө да, ооз эки түрдө да эскерттик.

Башкы прокурордун айтымында, качкындар тагдырын тезирээк чечүү зарыл. Анткени ар кандай чагымдар болушу ыктымал. Андан сырткары бул маселе эки өлкөнүн ортосундагы мамилеге да терс таасирин тийгизүүдө.

“Акыйкат жана прогресс” партиясынын лидери, өлкөнүн мурунку тышкы иштер министри Муратбек Иманалиев качкындар маселеси эл аралык конвенцияларга ылайык чечилиш керек деген пикирде:

- Эң чоң маселе эл аралык конвенция. Ага кошулгандан кийин аны аткарыш керек. Мен бир жактан өкмөттү түшүнүп жатам. Өзбекстан тараптан басым болууда. 29 кишинин документтеринде кылмыш кылганы жөнүндө так далилдер болсо, аны эл аралык уюмдар менен макулдашып чечүү зарыл. Анткени өзүбүз чечип койсок, эл аралык уюмдар менен чатакташып калабыз.

Анын айтымында, айрым качкындардын кылмышкер экени далилденген күндө да, эгерде аларды бара турган жеринде кыйноо күтүп турса, берүүгө болбойт. Эл аралык конвенциялардын талабы ошондой. Бирок абалдан качкындарды үчүнчү өлкөгө өткөрүп берүү аркылуу чыгууга болот дейт Муратбек Иманалиев:

- Андай вариант бар. Өзгөчө АКШ, Россия жана Европа Биримдиги менен сүйлөшүп, башка өлкөгө чыгарып кетсе болот. Конвенция ага жол берет.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG