Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:53

КАРИМОВ ОРУСИЯГА ЫКТООДО


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Өзбекстан президенти Ислам Каримов эки күндүк иш сапары менен шейшембиде Москвага келе жатат. Агенттиктер жазганга караганда, ошол эле күнү аны Орусия президенти Владимир Путин кабыл алмакчы. Ортодогу кеп эл аралык террорчулар менен күрөшүү жана ушул багытта КМШ алкагында, Шанкай уюмуна кирген өлкөлөр алкагында кызматташууну күчөтүү менен байланыштуу болот дешет. Сырттан көз салуучулар бул визиттин артында Ташкендин Москвага ыктоосу жана Путиндин андай жакындашууну кабылдоосу жатат дешет.

Кремлге чукул жүргөн анализчилер баамында Маскөө эки тарапка тең пайдалуу алака деген жолугушуу артында, чындыгында, өзбек газы тээк болуп атат. Ошондуктан алар Ислам Каримовдун иш сапарын экономикалык алыш-бериш менен киндиктеш дешүүдө.

Анжиян кыргынынан кийин эки айга толо элек мөөнөттө Каримовдун Маскөөгө экинчи жолу келиши - анын мындан аркы жүргүзчү саясий багытынын Орусияга карай оошу деп да айтышууда.

Кантсе да Ислам Каримов Орусиянын колдоосун алууга ашыгып келе жатышын азыр бозгундап батышта жүргөн Өзбекстан оппозициясынын лидерлеринин бири Мухамед Салих айтат:

- Анжиянда көчөгө чыккан калың элди кыргандан кийин, Өзбекстан президенти, дароо Кытайга барган. Анжиян кыргынын көз карандысыз топ иликтеп чыксын деген батыштык адам укугун коргоочулар талабына туруштук бергидей колдоо издеп сары ажыдаар өлкөсүнө барган. Эми Маскөөгө жетип келди. Кантсе да, ал дагы бир ири мамлекет колдоосун алганы келди. Анын мындан башка максаты жок, бул анын негизги максаты.

Анжиян козголоңун эл көтөрүлүшү деп эсептебей тургандыгын Ислам Каримов мындайча түшүндүргөн:

- Мен Анжиянда көчөгө чыгып, кылмыш ишин жаcагандарды козголоңчулар деп эсептебейм. Аларды антип аташка такыр болбойт.

Кызык жери, Анжиянда козголоң чыгып атканда, аны башкаргандар түздөн –түз Путинге кайрылышкан. Бирок Кремл кожоюну алардын үнүн укмаксанга салып койгон. Кайсы бир анализчилер баамында, орусиялык лидер дал ошол күндөрү Өзбек жетекчилиги түшкөн жолду колдой тургандыгын билдирген. Анын себеби Ташкен, Маскөө бийликтеринин тектеш экенинен дешет. Көз карандысыз анализчи Юрий Ханжин бул тууралуу мындай пикирде:

- Бул көрүнүш, менимче, мындай нерсени билдирип турат. Орусиялык бийлик ушу убакка чукулку чет өлкөлөрдөгү авторитардык, демократияга каршы багытталган режимдерди колдоого алып келет. Лукашенконун өкүмөтү, Кыргызстандын мурдагы бийлигин, Грзуия мурдагы бийлигин колдоого алган. Бул - Путин жүргүзүп келаткан бийлик түшкөн нагыз жол. Ошондуктан Каримов мырзанын Маскөөгө жасап аткан иш сапарын ушул жагдайдан алып кароо керек.

Бул иш сапарды - Өзбекстан жетекчилигинин эл аралык саясий катнашынын багыты АКШдан Орусияны карап өзгөрүлүшү дегендер да бар.

XS
SM
MD
LG