Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:05

БОРБОР АЗИЯДА ДЕМОКРАТИЯ ОРНОТУУГА ИНДИЯ КӨМӨКТӨШӨ АЛАТ


Нарын АЙЫП, Прага Июндун аягында Америка Кошмо Штаттарына Индиянын коргоо министри Пранаб Мухержи келип, АКШ жетекчилери менен эки өлкө ортосундагы байланыштарды кеңейтүү тууралуу сүйлөшүп кетти. 27-июнда ал Вашингтон шаарында Карнеги фондунда өткөн жыйында чыгып сүйлөгөндө, Индия жетекчилигинин планында - Борбор Азия өлкөлөрү менен болгон кызматташууну кеңейтүү да каралган деп билдирди.

Борбор Азия жумурияттарынын Индия менен мамилелери илгертен жакшы жана советтик мезгилде алар өзгөчө өнүккөн. 1966-жылы Ташкен шаарында Индия менен Пакистандын премьер-министрлеринин эки өлкө ортосунда тынчтык орнотуу боюнча жолугушуусу да өткөрүлгөн. СССР чачырагандан кийин болсо, Борбор Азия жана Пакистан менен Ооганстан ортосундагы байланыштар дагы өнүгө баштады жана кандайдыр бир ченемде Борбор Азиялык жумурияттар үчүн Пакистан менен Индия ортосунда атаандашуу да пайда болду.

2004-жылдын май айында Индияда бийликке жаңы өкмөт келгенге чейин Борбор Азиялык жумурияттарда индиялык аскерий база ачылышы мүмкүн деген кабарлар да пайда болгон жана андай жумурияттар катары Тажикстан менен Кыргызстан аталган. 2003-жылдын ноябрында Кыргызстанга Индиянын ал кездеги коргоо министри Жорж Фернандес да келип кеткен.

Жаңы индиялык өкмөт дагы Борбор Азия жумурияттары менен байланыштарды кеңейтүүгө кызыкдар жана андай кызматташууну тереңдетүү максатында үстүбүздөгү жылдын башында Делиде "Индия - Борбор Азия" деген атайын фонд түзүлдү. Вашингтонго келген Индиянын коргоо министри Пранаб Мухержи болсо 27-июнда Карнеги фондундагы жыйында чыгып сүйлөгөндө, Борбор Азия жумурияттары менен кызматташууну күчөтүү Индиянын экономикасын өнүктүрүүгө гана эмес, региондогу коопсуздук маселелерин чечүүгө да көмөктөшөт деп билдирди.

Мухержинин айтымында, азыркы учурда региондогу коопсуздук тууралуу Индия өтө тынчсызданууда жана бул маселени чечүүдө Индия менен Пакистан ортосундагы кызматташуу дагы өзгөчө мааниге ээ. Борбор Азияда акыркы мезгилде экстремисттик исламдын аракеттеринин күчөгөнүн байкаса болот, Индия болсо дүйнөдөгү эң ири демократиялардын бири, мусулман калкынын саны боюнча болсо ал Индонезиядан кийин дүйнөдө экинчи орунда.

Ошондуктан Индиянын таасири жана мисалы Борбор Азиянын мусулман калкы арасындагы экстремизмди мээлиндетүүгө көмөк болушу мүмкүн. Ошол эле учурда, индиялык министрдин айтымында, Дели өз саясатын же өз көз карашын эч кимге таңуулабайт:

- Нукура мүнөзү боюнча Индия өзүнүн идеологиясын, терең ишенген жана колдонгон идеологиясын дагы экспорттобойт. Анткенден мурда Индия демократияны өз жүрүм-туруму жана мисалы менен колдойт жана өнүктүрөт. Индия менен эркин байланышуу Борбор Азия жумурияттарында демократия менен сабырдуулукту колдоого көмөктөшөт.

Министр Мухержи андан тышкары жыйында Пакистан менен болгон мамилелердин оңолушу жана эки өлкө ортосундагы кызматташуунун күчөшү бүткүл региондо стабилдүүлүк орноо үчүн негизги шарттардын бири экени тууралуу да өзгөчө белгилеп кетти. Эл аралык террорчулук менен жүрүп жаткан күрөштө азыр Пакистан өзгөчө мааниге ээ жана анын өзүнүн ички түзүлүшү менен ички саясаты өтө демократиялык эмес экенине, укук коргоочулардын пикиринде, Батышта көпчүлүк учурда көз жумулууда.

XS
SM
MD
LG