Үгүт өнөктүгү башталганына эки апта болду. Бирок тигил же бул талапкерге үгүттөө иштери ушул аптада гана жанданган өңдүү. Теле жана радиодо роликтер чуркатылып атат, бирок гезит беттеринде рекламалык макалалар өтө сейрек кездешүүдө. «Интерньюс» уюму учурда үгүт кампаниясы убагында массалык маалымат каражаттарынын ишине мониторинг жүргүзүүдө.
Алгачкы аптанын жыйынтыгына көз чаптырсак, ишмердигинин чагылдырылышы жагынан Курманбек Бакиев лидер болуп чыга келген. Өкмөттүк маалымат каражаттарында дайыма макталып, оң жагынан айтылса, мамлекеттик эмес маалымат каражаттарында бирде сындалып, бирде жөн гана маалымат берилген.
БШК маалымат кызматынын башчысы Нина Мухина билдиргенге караганда, БШК жума сайын маалымат каражаттарды иликтеп чыгат, андай деле Бакиев жөнүндө ашыкча жазылып же макталганын байкаган жкопуз дейт
БШКнын үгүт өнөктүгүнө көзмөл жүргүзүү тобунун жетекчиси Жаркын Бапанованын айтымында, Курманбек Бакиев президенттик полномочиелерин тапшырбагандан кийин ал ишмердиги тууралуу жазуу же чагылдыруу үгүттөөгө жатпайт:
- Ал президенттик милдеттерин аткарып жатат. Ырасмий жолугуушууларын, экономикалык бир жыйындарын чагылдырса болот, мыйзамга каршы келбейт. Ошондой эле ал үгүттөөгө жатпайт.
Жаркын Бапанова билдиргенге караганда, азырынча үгүт өнөктүгүнө байланыштуу бир да арыз түшө элек.
“Интерньюс” уюмунун иликтөөсүнө караганда, Курманбек Бакиев жөнүндө бир аптада гезиттерде 10 миң сапка жакын материал кеткен. Акбараалы Айтикеев жөнүндө 22 сап, Жыпар Жекшеев тууралуу 14 сап, Турсунбай Бакир уулу тууралуу 58 сап гана кабар жазылган.
Өкмөттүк гезиттер болсо Курманбек Бакиевге деле башка талапкерлерге жасагандай мамиле кылуудабыз дешет. «Кыргыз туусу» гезитинин редакторунун орун басары Мырзакат Тыналиев Курманбек Бакиев өз корунан төлөгөндөн кийин үгүт мазмундагы макаласын чыгарып бердик дейт.
Ал эми "Эркин тоо" гезитинин редактору Нурлан Шакиев Бакиевди мактаган макалаларды атайын чыгарбай атканын айтат:
- Президенттин милдетин аткаруучуну мактап- жактаган макалалар көп эле түшүп атат. Анан ыңкылаптан кийин өкмөттүк маалымат каражаттарды коомдук кылабыз деген комиссияга мен да кирем. Ошондуктан коомчулукта терс пикирди жаратып албайлы, өкмөттүк гезиттер баягы эски адатына түштү дешпесин деп өтө этият болуп атабыз.
“Интерньюс» уюмунун эксперттик тобу экинчи аптага жасаган иликтөөсүн жыйынтыктап аткан кез. Аталган уюмдун юристи Акмат Алагушевдин айтымында, бул ирет НБТ телеканалында мыйзам бузуулар болду. Бул телеканал алты талапкерге түз эфирде добуш бердиртип, бул сурамжылоону жыйынтыктап атат. Мыйзам боюнча үгүт өнөктүгү учурунда эч кандай сурамжылоолорго уруксат жок.
Президенттик шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү 9- июлда токтойт.