Сессиянын акыркы күнүндө депутаттар «Шайлоо» кодексине өзгөртүү жана кошумча киргизди. Ага ылайык жай мезгилинде добуш берүүнүн мөөнөтү эки саатка узартылды. Тактап айтканда, буга чейин добуш берүү участкалары эрте мененки саат сегизде ачылып, кечки саат сегизде жабылса, эми кечки саат ондо жабылат.
Депутаттар андан сырткары нөшөрлөп жааган жамгырдан кийин болгон селден жабыркаган атуулдарга жардам көрсөтүү маселесин көтөрдү. Буга чейин депутаттар бул ишти аткарууга 250 миллион сом табууну өкмөткө сунуштаган эле.
Каржы министринин милдетин аткаруучу Акылбек Жапаров 100 миллион сом табылганын билдирди:
- Табийгат кырсыгынан жабыркагандарга, турак жай куруу үчүн 250 миллион бөлүп бергиле деп, токтом кабыл алгансыздар. Ошонун 100 миллион сомун таптык. Андан башка акчабыз жок.
Акылбек Жапаровдун айтымында, өлкө боюнча 7200дөн ашуун үй оңдоого муктаж. Ал эми 100 миллион сомду ар бир үйбүлөгө 200 миң сомдон бөлүп берсе, 389 үйбүлөгө гана жетет. Андан сырткары өкмөт табийгат кырсыгынан жабыркагандарга 2 миң тонна буудай жана 2 миң тонна күйүүчү май бөлүп берген. Мамлекеттин мында ашыкчага алы келбей турат.
Бирок депутаттар министрдин сөзүнө нааразы болуп, табийгат кырсыгы болгондон кийин анын кесепеттерин жоюу үчүн өкмөт каражат табууга милдеттүү деген маселени койду. Элдик ыңкылаптан кийин салык жана бажы тармагынан түшкөнү кабарланган миллиондогон сомдордун кайда кеткендиги көтөрүлдү. Депутат Темир Сариев мындай абал өкмөттүн экономикалык программасы жок экенинен кабар берүүдө деп, буларга токтолду:
- Акылбек Үсөнбекович, эмне үчүн президентке, премьер-министрге кеткен чыгымды кыскартпайсыз. Анткени өкмөт башчы президенттин милдетин аткарып келатпайбы. Мына ошол кыскартуунун эсебинен Өзгөчө кырдаалдар министрлигин каржыласа болбойт белек.
Ага каржы министринин милдетин аткаруучу Акылбек Жапаров минтип жооп берди:
- Президентке деп бөлүнгөн каражаттан бир тыйын да пайдаланылган жок. Экинчиден, эгерде убактылуу өкмөттө турукташтыруу боюнча планы болбосо, анда айлык акылар көтөрүлмөк да эмес, төлөнмөк да эмес. Экономиканын төмөндөшүнө карабай биз ички жана тышкы милдеттерибизди толук аткарып жатабыз.
Депутаттар бул күнү андан сырткары «Экстремисттик иштерге каршы күрөшүү жөнүндө» мыйзамга кошумча киргизди, анда диний экстремистерге каршы колдонулуучу жазаны күчөтүү каралган. Андан сырткары парламентарийлер Улуттук банктын аудиторун да бекитип берди. Бул маселеде да бир топ талаш-тартыш чыгып, бир аудитордук компаниянын Улуттук банкты бир нече жылдап текшерүүсү коррупцияны жаратат, ошондуктан аны алмаштырып туруу максатка ылайыктуу деген сунуш болду. Ал сунуш келерки жылда аудиторду тандоодо эске алынмак болду. Булардан сырткары бир катар мыйзамдарга өзгөртүү жана кошумчалар киргизилип, анын соңунда сессиянын жабылганы төрага Өмүрбек Текебаев тарабынан жарыяланды:
-Урматтуу депутттар, Кыргыз Республикасынын 3чү чакырылыштагы Жогорку Кеңешинин биринчи сессиясын жабык деп жарыялаймын.
Андан кийин улуттук гимн ырдалды. Ошону менен депутаттар жайкы каникулга тарап кетти.