Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:37

АКШ БАШТАГАН “ТЕРРОРГО КАРШЫ СОГУШ” СЫНГА АЛЫНУУДА


Төрөкул Дооров, Прага Иракта АКШ баштаган “террорго каршы согуш” Европа Биримдигин барган сайын кыжаалатка сала баштады көрүнөт. Ушул жумада италиялык сот АКШнын Борбордук чалгындоо кызматынын 13 кызматкерин камоого ордер чыгарды. Соттун ишениминде, бул кызматтын кызматкерлери Миланда радикал мусулмандардын диний лидерлеринин бирин кармап, аны Египетке алып кетишкен жана кыйноого алышкан. АКШ агенттери буга чейин деле террорист болушу мүмкүн деп шектелгендерди алар каерде болбосун тутуп, кийин башка мамлекетте кыйноолорду колдонуп, суракка тартышкан деп айыпталып келишкен.

Өткөн жылдын 17-февралында Осама Мустафа Хассан Наср бешим намазын окуйун деп, Миландагы мечитке бараткан. Бир эле убакта бирөөлөр анын бетине химиялык затты чачыратып, анан көзү көрбөй калганда аны түртүп, машинеге салып, көздөн кайым болушту Ал ошондон бери көрүнгөн жок.

Италиялык соттор АКШ террорист болушу мүмкүн деп шектеп жаткан радикал мусулмандардын диний башчысын Италиянын түндүгүндөгү Авиано аскерий базасынан учак менен Египетке алып кетишкенин айтышууда. Айрым маалыматтарга караганда, ал азырга чейин абакта жатышы мүмкүн.

Азыр италиялык оппозиционерлер бул окуялар тууралуу премьер-министр Силвио Берлусконинин өкмөтү эмне билген-билбегенин айтсын деп талап кылышууда.

Италиядагы Жашылдар партиясынын өкүлү Паоло Сенто “Азаттыкка” телефон аркылуу буларды айтты.

- Албетте, биз буга чейин болуп көрбөгөн талаш-тартыштуу окуя менен беттешип турабыз. Чет элдик тыңчылар Италиянын аймагынан бир адамды сууруп, чыгып кетишти. Биздин өкмөт бул тууралуу башынан эле кабардар болду беле, же биздин тыңчыларыбыз америкалык агенттер менен бирге аракеттенишкенби – ушуну билгибиз келет. Эгерде мындай эмес болсо, анда биздин улуттук суверенитетке доо кетирген бул окуяга нааразылык билдирүү үчүн өкмөт кандай аракеттерди көрөт?

Бейшембиде "The Washington Post" гезити кабарлагандай, АКШнын Борбордук чалгындоо кызматынын атын атабоону өтүнгөн негизги өкүлдөрүнүн бири диний башчыны кармаганга чейин бул тууралуу Италиянын атайын кызматтарына кабар айтылганын билдирген.

Өткөн жумада италиялык сот Насрды уурдап кеткен Борбородук чалгындоо кызматынын 13 агентинин шектүү аракеттери үчүн аларды камоого буйрук берди.

2001-жылдын сентябрында АКШга жасалган чабуулдан кийин, Кошмо Штаттар негизги күнөөкөр деп шектелген 150 адамдын тизмесине Насрды да кошушкан.

Бул саясат чынында, көптөгөн талаш-тартыштарды жаратууда. Анткени аны аткарып жаткандар шектелгендерди кармайбыз деп, ал адамдар жүргөн мамлекеттердин улуттук мыйзамдарын бузушу мүмкүн. Анын үстүнө, америкалык тыңчы-агенттер шектелип кармалгандарды башка бир үчүнчү мамлекетке, айталы, Өзбекстанга же Египетке алып кетип, ал жерде түрдүү кыйноолорго алышы да ыктымал.

Акыркы окуя боюнча соттун кеңири көрсөтмөсүндө Наср менен анын аялы ортосундагы телефон аркылуу маек жазылып алынганы жана ага карата толук түшүндүрмө берилет. Анда айтылгандай, “Наср аялы менен сүйлөшүп жатканда буту асманга илинип коюлгандай аптыгып, араң сүйлөп жаткан. Анын үстүнө ал жерде температура да өтө жогору болгону анын үнүнөн байкалып турду. Наср жакшы сүйлөй албады, анткени анын үнүн кандайдыр бир гыңылдаган катуу добуштар басып жатты”.

Эларалык мунапыс кору жана Human Rights Watch уюму бул саясатты катуу сындашты. Бирок Кошмо Штаттардын ырасмий өкүлдөрү “шектүүлөр тизмеси” боюнча программаны коргоп, алар кыйноолорду колдобой тургандыктарын жана шектүүлөр кармалган мамлекеттердин өкмөттөрү да сурак учурунда адам укуктарын коргоо үчүн сөз беришкенин айтышты.

Кошмо Штаттардын президенти Жорж Буш маселе боюнча апрелде мындай деген:

- Биз мыйзамдын чегинде гана иштейбиз жана биздин адамдар ар-кайсыл мамлекеттерде кыйноолорсуз иштей тургандыктарын айтып жатышат. Бирок бир нерсени айтып коеюн: Кошмо Штаттардын өкмөтүндө америкалыктарды коргоо милдети бар. Андыктан, биз бизге зыян келтире тургандарды табууну каалайбыз.

2001-жылы америкалык агенттер швециялык атайын кызматтар менен биргеликте Швецияда эки египеттик атуулду кармап, аларды Каирге алып кетишкен. Кармалгандар кийинчерээк аларды кыйнашканын айтышканы бар.

Ал эми 2003-жылдын аяк чендеринде Македонияда бир немец колго түшүрүлүп, аны суракка алуу үчүн Ооганстанга алып кетишкен эле. Кийин ал да кыйноого алынганын, бирок ачкачылык жарыялагандан кийин бошотулганын айтты.

XS
SM
MD
LG