Америкалык аскерлер Ооганстандын чыгышындагы Кунар провинциясында бир нече күндөн бери талибдердин калдыктарына каршы "Кызыл канат" деп аталган операция өткөрүп жатат жана анын катышуучулары жардам сурагандыктан, "Чинук" үлгүсүндөгү эки тик учма менен аларга кошумча аскер жиберилген. Тик учмалардын бири 28-июнда кыйрады жана Талибан кыймылынын басма сөз катчысымын деген Латиф Хакиминин айтымында, аны талибдер атып түшүрдү.
Америкалык аскерий жетекчиликтин айтымында, тик учманын калдыктарын издөө бир топ кыйынга турду, анткени аймакта салгылашуулар жүрүп жатат. Кээ бир кабарлар боюнча, тик учма кыйрагандан кийин, америкалыктар талибдер менен дагы согушкан жана кээ бирлери туткунга да түшүп калган болушу ыктымал. Калдыктардын арасында ондон ашык аскер табылды деген да кабарлар түштү, алардын кээ бирлери дагы тирүү калышы мүмкүн. Калгандары азырынча дайынсыз аскерлердин баарынын денелери табылмайынча, алардын курман болгону тууралуу расми түрдө жарыяланбайт.
Эки айланма канаты бар "Чинуктар" ири тик учмалар, алар элүүдөн ашык адам көтөрүүгө жөндөмдүү жана өтө жапыс да учуп, жерге жакын абада токтоп да тура алат. Мындан үч ай мурда Ооганстанда дагы бир америкалык тик учма кыйраган, ошондуктан акыркы окуя 29-июнда АКШ Сенатынын аскерий маселелер боюнча комитетинде да каралды.
Жыйында чыгып сүйлөгөн генерал Питер Пэйстин айтымында, тик учма чындап эле атып түшүрүлгөн болушу мүмкүн:
- Биздин оюбузча, ага колдон атылган ракета тийген болуш керек, бирок ага жүз проценттик далил жок. Окуя болгон жерге биз жеттик жана азыр талаптуу иликтөө иштерин жүргүзүп жатабыз.
Азыр Ооганстанда колдон атыла турган атактуу америкалык "Стингер" деген ракеталар көп, алар оогандыктардын колуна советтик окуппация учурунда тийген жана можахеддерди "Стингерлер" менен америкалыктар өздөрү жабдыган. Советтик аскерлер кеткенден кийин жана өзгөчө 2001-жылы Талибанга каршы АКШ өзү согуш баштагандан соң, америкалыктар "Стингерлерди" элден акчага сатып ала баштады, бирок оогандыктар көп деле ракета кайтарган жок.
Лондон шаарында иштеген көз карандысыз эксперт Ян Кемптин айтымында, бардык "Стингерди" кайтарып алууга америкалыктар азыр өтө кызыкдар:
- 2001-жылдагы террордук аракеттерден кийин Ооганстанда башталган согуш учурунда америкалыктарды өтө тынчсыздандырган нерсе - Талибан же 'ал-Каида' аскерлеринин колунда канча 'Стингер' калганы болгон. Ошол эле мезгилде, алар жыл өткөн сайын эскирип баратат, ошондуктан согушкерлер РПГ-7 же РПГ үлгүсүндөгү башка жаңы ракеталарды дагы колдонууда. Ушундай эле маселе бир кезде Сомалиде жана азыркы учурда Иракта дагы бар.
Башка эксперттердин айтымында, Кунар провинциясында кыйраган "Чинук" буктурмага кабылып, атып түшүрүлгөн болушу мүмкүн. Анткени америкалык тик учмалар акыркы мезгилде бул аймакка көп келген жана аларга каршы согушуп жаткан жоокерлер ага көнүп алып, атайын дайырдыктарды көрүүгө үлгүргөн сыяктуу.