Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:01

ШАЙЛООГО ДАЯРДЫК ШАЙМА-ШАЙ


Кыргызстандагы президенттик кезексиз шайлоого 10 күн калды. Добуш берүүчү бюллетендер даярдалып, ага мамлекет башчы болууга талапкер болгон 6 атуулдун ысмы жазылды. Шайлоого даярдыктын жүрүшү кандай?

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгунаалы Абдраимовдун айтымында, Кыргызстан боюнча 2 миллион 691 миң шайлоочу добуш берет. Бирок тизме дагы узарышы мүмкүн, себеби, Орусияда иштеп жүргөн атуулдардын саны дагы такталып, мурда тизмеге алынган 22 миң шайлоочуга дагы бир нече миң адамдын тизмесинин кошулаары болжолдонууда.

Шайлоонун жүрүшүнө байкоо салып, аны чагылдыруу үчүн 997 өтүнүч түштү. Анын 810у байкоо салууга, 187си маалымат каражаттарына чагылдырууга уруксат сурашты. Байкоо салууга уруксат сураган эл аралык уюмдардын ичинен КМШдагы мамлекеттердин көз карандысыз байкоо жүргүзүү боюнча өз алдынча коммерциялык эмес уюмуна уруксаат берүү маселеси каралып жатат. Төраганын баамында, бул уюмдун өкүлдөрү БШК тез аккредитация жасабай, укугубузду басмырлады деген маалыматтарды таратып, күн мурунтан терс баа берүүгө багыт алгандыктан ага уруксат берүү маселеси терең иликтенип жатат.

Ал эми жалпысынан шайлоого даярдыктын жүрүшүндө одоно мыйзам бузуулар болгон жок. Өнөктүк маалында бардыгы болуп 8 арыз түшүп, 3 талапкердин арызы сотто каралды. Ал эми президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиевдин ишмердигинин маалымат каражаттарына көп чагылдырылышы боюнча башка талапкерлерден жазуу жүзүндө бир да арыз келип түшкөн жок:

- Жазуу жүзүндө арыз түшкөн жок, бирок оозеки айтышты. Ошон үчүн биз Курманбек Бакиевге кат жаздык. Курманбек Бакиевдин иш программасын май айынын башында беришкен. Ошондон кийин БШКнын атынан мен ага шайлоо маалында салтанаттуу кечелерге катышууга болбойт деп кат жазгам. Ошондон кийин андай иш-чараларга катышууну программасынан алып салды. Андан тышкары КТРга да кат жазып, анын ишин бардык жагынан көрсөтүүгө болбойт жана бардык талапкерлерге бирдей шарт түзгүлө деп эскерткенбиз. Акыркы айда Курманбек Бакиевди көрсөтүү бир топ азайды. Муну бардыгыбыз байкадык.

Анткен менен шайлоо күнү добуш берүү үзгүлтүккө учурайбы деген кооптонуу жок эмес. БШК төрагасы Туйгунаалы Абдраимовдун айтымында, ага эл арасында 1-июлдан 10уна чейин 17-июндагыдай өкмөт үйүн басып алуу аракети болот экен деген имиш кептер жана талапкер болом деген атуулдардын аракети таасир берүүдө:

-Урмат Барыктабасовдун кишилери айылдарды кыдырып, үстөгү жок кредит беребиз деп, паспортторунун номерлерин жазып алып, акча беришкен. Азыр ошол эле кишилер айылдарды кыдырып, шайлоо барбай эле койсоңор же баарына каршы деген добуш берсеңер деген үгүт иштерин жүргүзүп жатышат. Ошого карабастан биз эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, качанга чейин президенти жок жашамак элек, шайлоо болбой калса кайра тополоң башталат деп жатабыз. Менииче, эл муну жакшы түшүнүп шайлоого катышып берет деген ойдомун.

Туйгунаалы Абдраимовдун баамында, шайлоого тоскоолдук кылууга жана аны тымызын жасоого Акаевдин учурундагы бийлигин жоготкондор менен өлкөдө саясий туруктуулукту көрө албаган адамдар да катуу кызыкдар болуп турушат. Ошон үчүн БШК шайлоо алдында коопсуздук чараларын күчөтүү өтүнүчү менен президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиевге атайын кат жөнөткөн. БШК жайгашкан имаратты катуу көзөмөлгө алуу боюнча президенттин буйругу даярдалып жатат.

Айрым байкоочулардын баамында, жайкы эс алуу маалына туш келген шайлоо күнү турган жеринен башка жакта жүргөн атуулдар добуш бербей коебу деген да божомол күч. Ошон үчүн атуулдар арасында бул жолу каалаган жеринен добуш берүүгө шарт түзүүчү айрым алма талондор кеңири пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилди.

Мындан тышкары паспорту жок атуулдардын добуш берүүдөн баш тартышы мүмкүн деген божомол бар. БШКнын билдирүүсү боюнча, жашаган жеринен тил кат алган атуулдардын добуш берүүсүнө уруксат бар. Маалымат технологиялары жана ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин аппарат жетекчиси Марат Султаналиевдин айтымында, паспорт менен камсыз кылуу маселеси өлкө ичинде жүргөн атуулдар үчүн шылтоо болбойт. Себеби, жеке инсандыгын билдирген күбөлүк азыр каалаган атуулдардын баарына берилип жатат:

- Жеке инсандыкты билдирген карточкалар бар. Ал көйгөй эбак чечилген. Элдин шайлоого катышуусу үчүн паспорту жетиштүү.

XS
SM
MD
LG