Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:00

ЖОГОРКУ СОТ БЕРМЕТ АКАЕВАНЫН АРЫЗЫН КАНААТТАНДЫРБАДЫ


Аида Касымалиева, Бишкек Бейшембиде Жогорку сот №1-Университет шайлоо чөлкөмүнөн шайланган депутат Бермет Акаеванын арызын карап, 1-май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды. 1-май райондук соту 13-июндагы отурумунда Борбордук Шайлоо комиссиясынын чечимин негиздүү деп тапкан. Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясы 16-майдагы отурумунда №1-Университет шайлоо округундагы парламенттик шайлоонун тыянагын жокко чыгарган. БШКнын маселени карашына бул округ боюнча арыз-даттанууларды текшерүү комиссиясынын тыянагы негиз берген. Мындай тыянакты Бермет Акаева саясий чечим катары баалоодо. Сот чечиминен соң Бермет Акаеванын юристи Канышай Мамытова менен кабарчыбыз кыскача маек курду.

- Канышай, Бермет Акаева бул саясий чечим деп атат. Сиз юрист катары кандай баа бересиз?

-Бул жерде юридикалык чечим жөнүндө сөз болушу мүмкүн эмес, албетте бул саясий чечим, муну бары эле түшүнуп турат. Эмнеге дегенде, 13 мартта БШК университет шайлоо чөлкөмү боюнча жыйынтык чыгарган, ал чечим боюнча Бермет Акаева депутат болгон. Мыйзам боюнча бул чечимге 10 күндүн ичинде даттанууга уруксат берилет, ал эми БШКнын шайлоо жыйынтыктары жараксыз деген чечими 16 майда чыгып жатпайбы. Муну менен мыйзам бузулуп жатпайбы.

-Мындан аркы аракеттер кандай болот?

-Биз Жогорку сот ушундай эле чечим чыгараарын күткөнбүз. Бирок азыр эл аралык сотторго жана башка инстанцияларга кайрылуу мүмкүнчүлүктөрүн изилдеп жатабыз. Себеби Кыргызстан көптөгөн эл аралык келишимдерге кол койгон жана алардын катышуучусу, ошондуктан эми деле мүмкүнчүлүгүбүз бар деп эсептейбиз.

-Шайлоо алдындагы үгүт учурунда Бермет Акаева тарабынан мыйзам бузууларга жол берилди, башкасын айтпаганда да университет жетекчилиги студенттерге зор басым жасады деген сөздөр көп болгон эле...

- Бермет Акаева президенттин кызы болгондуктан жардам берем дегендер көбөйүп кеткен. Алар өз алдынча эле студенттерди зордоп Акаевага добуш бересинер деп басым кылгандыгы тууралуу биз билген эмеспиз. Бул нерселердин баары кийин чыгып жатпайбы.

XS
SM
MD
LG