Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:21

БЕРМЕТ АКАЕВА ЭЛ АРАЛЫК СОТТОРГО КАЙРЫЛАТ


Экс-президенттин кызы Бермет Акаева Жогорку соттун бейшембидеги чечимин саясий чечим катары баалады. Юристтери менен ал эл аралык сотторго жана башка инстанцияларга кайрылууга ниеттенүүдө. Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясынын юристи Гүлбайра Калиева Жогорку сот Бермет Акаева боюнча туура чечим кабыл алды деген пикирде.

Бермет Акаева парламенттик шайлоого №1-Университет округунан талапкер катары чыгып, шайлоонун экинчи айлампасында атаандашы Болот Мариповдон көп добуш алган. 13-мартта Борбордук шайлоо комиссиясы Университет округундагы шайлоонун жыйынтыктарын таанып, Бермет Акаевага депутаттык мандат берген.

Анын атаандашы Болот Марипов болсо Бермет Акаева шайлоо учурунда добуштарды сатып алды деген арыз менен Борбордук шайлоо комиссиясына арыз жолдогон. Ал эми 16-майда БШК №1-Университет окуругундагы шайлоонун жыйынтыктарын жараксыз деп тапкан.

Бермет Акаеванын юристи Канышай Мамытова БШКнын чечимин мыйзамсыз дейт. Анын айтымында, шайлоонун жыйынтыгы боюнча чечимди ал кабыл алынгандан кийинки 10 күндүн ичинде гана даттанууга уруксат берилет. Бирок БШК ал мыйзамды бузуп отурат.

- Шайлоо кодексиин 56-беренесинде,”добуш берүүнүн жыйынтыктары же шайлоонун натыйжалары аныкталгандан кийин 10 календардык күндүн ичинде даттанылышы мүмкүн. Даттануу мөөнөтү узартылбайт жана кайрадан башталбайт. Бул мөөнөт аяктагандан кийин даттануу кабыл алынбайт”, деп жазылган. Эгерде шайлоо жыйынтыгы 13-мартта билинсе, демек, 23-март акыркы күн болуп эсептелет. Ал эми БШК 16-майда чечим чыгарып отурат.

Ал эми БШК юристи Гүлбайара Калиева Болот Марипов 17-мартта арыз жолдогонун, анын арызына байланыштуу БШКнын чечими мыйзамдуу экендигин билдирди.

- Депутаттыкка талапкер Болот Марипов борбордук шайлоо комиссиясына 16-17- марта арыз менен кайрылган. Ошол арыздарды БШК чындыгында убагында карай албай калган. Ошон үчүн бул иш созулуп калды.

Калиеванын айтымында, 1-май райондук сотунун жана Жогорку соттун чечими туура чыгарылган.

Ал эми Бермет Акаева БШКнын чечимин жокко чыгаруу талабы менен Бишкек шаардык 1-май райондук сотуна арыз жолдогон. 13-июнда 1-май райондук соту Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин негиздүү деп тапкан. Райондук соттун чечимине макул болбогон Акаева Жогорку сотко арыз жолдогон. Бейшембиде Жогорку сот 1-май райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.

-Бул акыркы чечим. Кайрадан кароого болбойт.

Жогорку соттун мындай тыянагын Бермет Акаева саясий чечим катары баалады:

- Менимче бул сот саясий өңүттө болуп калды. Негизинен райондук сот жана Жогорку сот болбошу керек эле. Себеби менин каршылашымдын арызы БШКга кеч түшкөн.

Бермет Акаева мындан сырткары учурда юристтери менен эл аралык сотторго жана башка инстанцияларга кайрылуу мүмкүнчүлүктөрүн караштырып жатканын билдирди.

Ал эми Акаеванын атаандашы Болот Мариповдун өкүлү Айбек Чекошев Жогорку сот туура чечим чыгарды деген пикирде:

-Борбордук шайлоо комиссиясына биз жолдогон арыздар боюнча далилдерди Жогорку сот карап чыгып, туура чечим чыгарды. Бермет Акаева жана анын шайлоо штабы тарабынан Шайлоо кодекси одоно бузулган. Тактап айтканда добуштарды сатып алуу, белектерди берүү сыяктуу мыйзамсыз иштерге барган.

XS
SM
MD
LG