Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:50

ШАЙЛОО ӨНӨКТҮГҮНДӨГҮ ЧЫР-ЧАТАКТАРДЫН АЛДЫН АЛУУ БОЮНЧА ДОЛБООР ИШТЕЙ БАШТАДЫ


Азиза Турдуева, Бишкек Кыргызстанда шайлоо өнөктүгү учурунда чыр-чатактарды жана зордук-зомбулукту алдын алуу боюнча долбоор иштей баштады. Долбоор Кыргызстандагы «Эл аралык толеранттуулук үчүн» бейөкмөт уюму жана Шайлоо системаларынын эл аралык фондунун Кыргызстандагы миссиясы тарабынан иштелип чыккан. Аталган долбоор БУУнун Өнүктүрүү программасы жана ЕККУ тарабынан каржыланууда.

Долбоордун башкы максаты - Кыргызстандагы президенттик шайлоо учурунда жана андан кийинки мезгилде орун алышы ыктымал чыр-чатактардын алдын алуу. Анын алкагында учурда өлкө боюнча атайын топтор иштеп, өлкөдөгү саясий жараяндарга, жер-жерлердеги кырдаалга анализ жасалууда. Алар тарабынан апта сайын бардык облустардагы абал боюнча аналитикалык маалымат-отчеттор жарыяланып турмакчы. Чыр-чатактардын жана зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча долбоорго ылайык, чыр-чатактарды чечүү үчүн атайын топтор түзүлөт. Алар Шайлоо системаларынын эл аралык фонду тарабынан иштелип чыккан жоболорго негизделип иштешет.

Шайлоо өнөктүгү учурунда жана андан киийн чыр-чатактардын алдын алуу долбооруна Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму каржылык колдоо көрсөтүүдө. Уюмдун Кыргызстандагы элчиси Маркус Мюллердин пикиринде, Кыргызстанда мындан ары да чыр-чатактар орун алышы ыктымал:

- Албетте, чыр-чатактардын болушу мүмкүн. Аткени, шайлоодон кийин мамлекеттик түзүлүш, бийлик бутактарынын ортосундагы ыйгарым укуктарды бөлүштүрүү боюнча талкуулар башталат. Мен бул жараян тынч, конструктивдүү жол менен өткөрүлөт деп ишенем. Бирок ага ким кепилдик бере алат? Саясатчылардын арасында дымактар жогору, ошондуктан, чыр-чатактардын болушу ыктымал.

Долбоордун демилгечиси «Эл аралык толеранттуулук үчүн» бейокмөт уюмунун төрайымы Рая Кадырова белгилегендей, долбоордун өзгөчөлүгү – чыр-чатактарды божомолдоп, аларды алдын алууга гана эмес, орун алып калган чыр-чатактарды чечүүгө көмөктөшүү. Тигил же бул чыр-чатактарды чечүүгө да долбоордо атайын каражат бөлүнгөн. Бул тууралуу Рая Кадырова мындай дейт:

- Биздин долбоордун өзгөчөлөгү – чыр-чатактарды пайда кылуучу кырдаалдарга байланыштуу маалыматтарды чогултуп, анализдөө гана эмес. Эгерде чыр-чатактар орун алса, аларды чечүү жараяндарына катышуу, тигил же бул маселени чечүүгө көмөктөшө ала турган мамлекеттик структуралардын, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүн тартуу. Бизде чыр-чатактарды чечүү үчүн атайын грант бөлүнгөн – 50 миң АКШ доллары өлчөмүндө. Ошону биз алдыда орун ала турган чыр-чатактарды чечүүгө колдонобуз.

БУУнун Өнүктүрүү программасынын «Кыргызстандагы демократиялык шайлоолорду колдоо» долбоорунун кеңешчиси Оскар Ленер эмне себептен уюм Чыр-чатактарды алдын алуу боюнча долбоорду каржылап жаткандыгы тууралуу буларга токтолду:

- Менин пикиримде, Кыргызстанда парламенттик шайлоодон кийин саясий кырдаал жакшы турукташа элек. Парламенттик шайлоодон кийин көптөгөн нааразылыктар пайда болду. Ошондуктан, кыргыз коомчулугу атуулдары чыр-чатактуу кырдаалды тынчтык жолдору менен чечүү аркылуу өнүгүшү керек .

Шайлоо системаларынын эл аралык фондунун Кыргызстандагы миссиясынын жетекчиси Дэвид Микош белгилегендей, долбоордун башкы максаты – чыр-чатактарды саясий жараяндар, тынч жолдлор менен чечүүну камсыздоо:

- Биз үчүн коомдогу чыр-чатактар мыйзамдуу шайлоо жараяндары аркылуу чечилиши туура.Чыр-чатактар зордук-зомбулук жолу менен чечилбеши керек. Атуулдар кандай чатак болбосун, саясий жараяндар аркылуу аларды чечүү мүмкүн экендигин түшүнүшү керек .

Долбоордун алкагында түзүлгөн чыр-чатактарды алдын алуу борборунун өкүлү Бурул Осмонкулова маалымдагандай, өткөн аптада өлкөдө курч кырдаал түзүлгөн жагдайлар байкалган жок:

- Өткөн аптада Кыргызстанда шайлоого байланыштуу кандайдыр бир чыр-чатактар орун алган жок. Болгону бир –эки райондо бири-бирине байланышы жок майда мыйзам бузуулар орун алды. Жалпысынан азыр кырдаал тынч деп айтсак болот.

XS
SM
MD
LG