Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:50

ИРАНДЫН ЖАҢЫ ПРЕЗИДЕНТИ ТЕРРОРИЗМДЕН КҮНӨӨЛӨНҮҮДӨ


Нарын АЙЫП, Прага Ирандын жаңы шайланган президентин кээ бир америкалыктар азыр терроризмден күнөөлөй баштады. Алардын айтымында, Махмуд Ахмажинежад - мындан 25 жыл мурда Тегеран шаарында башталган барымта окуясына катышкан. АКШнын ал кездеги президенти Жимми Картер менен америкалык психологдор андан күмөн саноодо, ал эми Ахмадинежаддын жардамчылары андай маалыматты четке какты.

Махмуд Ахмадинежад 24-июнда президент болуп шайланды жана анын эртеси АКШ аскеринин мурдагы полковниги Чак Скотт аны сыналгыдан көргөндө, дароо - ал 1979-жылдагы барымта окуясынын катышуучусу экенин тааныды. Барымтага алынган башка америкалык жарандар менен Скотт ошол эле күнү байланышып, аны билдиргенде, дагы төрт адам Ахмадинежаддын ал окуяларга катышканын тастыктады.

1979-жылы Иранда ислам ыңкылабы болуп жаткан учурда, 4-ноябрда үч миңге жакын студент Тегеран шаарындагы АКШ элчилигин басып алып, 70 адамды барымтага алган. Бир нече күндөн кийин алар аялдарды, негрлерди жана АКШнын жарандары эместерди бошоткон, дагы алты киши өзү качып чыккан, ал эми калган 52 адамды студенттер 444 күн бою барымтада кармаган жана алар 1981-жылдын 20-январында, АКШдагы бийликке жаңы президент келгенде гана бошотулган. Мурдагы президент Жимми Картер барымта кризисин чече албагандыктан, кайра президент болуп шайланбай калган.

Чак Скоттун айтымында, аларды элчиликтин имаратында туткунда кармаган студенттердин жетекчилеринин бири дал ушу Ахмадинежад болчу, ал эми дагы бир туткун Доналд Шерердин айтымында, Ахмадинежад өтө катаал барымтачы болгон:

- Бизди кайтарган бир жигит бизге бөлмөдөн чыгып, далисте басып турууга уруксат берген, бирок ал келип, ошол жигитти катуу тилдеди. Элчиликте аскерий атташе болуп иштеген полковник Чак Скотт мага которуп берди, ал бизди чочко, ит деп атап, биз камалып гана жатыш керекпиз деген.

Анткен менен мурдагы президент Жимми Картердин айтымында, Ахмадинежаддын ал барымта окуясына катышканын далилдөө өтө кыйын. "Ассошиейтед пресс" агенттиги студенттердин сүрөттөрүнүн баарын архивден казып чыкты жана алардын арасынан Ахмадинежадка окшош бир жигит чындап эле табылды, бирок "Эй-би-си" сыналгысынын студиясына чакырылган эксперттер ал жигит Ахмадинежад эмес деген жыйынтык чыгарды. Калифорния университетинин эксперти, психолог Элизабет Лофтустун айтымында, 25-30 жыл өткөндөн кийин сүрөт боюнча бирөөнү таануу өтө кыйын, башка улуттагы адамды таануу андан да татаал.

Анткен менен АКШ президенти Жорж Буш 30-июнда атайын билдирүү жасап, маселе иликтенүүгө тийиш деп айтты. Ак үйдүн басма сөз катчысы Скотт Маклелландын айтымында, маселе өтө орчундуу, эксперттердин пикиринде болсо, бул окуя эми эки мамлекет ортосундагы мамилелерди ого бетер бузушу мүмкүн.

Лондон шаарындагы Эл аралык маселелер институтунун эксперти Соня Ситстин айтымында, эгер Ахмадинежаддын ал барымта окуясына катышканы далилденсе, ири чатак чыгат:

- Эгер орчундуу далилдер табылса, Ахмадинежад кээ бир дүйнө мамлекеттерине бара албай калышы мүмкүн, анткени террорчулук боюнча тийиштүү мыйзамдары бар өлкөлөр аны кармап, соттошу ыктымал. Кээ бир мамлекеттердин АКШ менен атайын келишимдери бар жана алар аны кармап, АКШга өткөрүп да бериши мүмкүн.

Тегерандагы барымта окуясына катышкан студенттердин кээ бирлери азыр белгилүү саясатчылар, алардын айтымында, Ахмадинежад окуяга катышкан эмес.

XS
SM
MD
LG