Башка ири шаарларды айтпаганда да учурда Бишкекте эле өлкөнүн бардык дубандарындагы айылдардан келишкен миңдеген атуулдар утурумдук күн өткөрүп жүрүшкөндүгү эч кимге жашыруун эмес. Паспортунда туруктуу жашаган жери көрсөтүлбөгөндүктөн алар 10-июлдагы президенттик шайлоого катышпай калышы толук ыктымал. Борбордук шайлоо комиссиясынын 16-июндагы токтомуна ылайык мындай атуулдар добуш берүүгө катышуу үчүн, шайлоого чейин өзү жашаган жерине барышып, туруктуу жашагандыгын тастыктаган расмий баракча алып келиши зарыл. Антпесе шайлоого катыша алышпайт.
Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Жеңиш Акматов мындай дейт:
- Алар шайлоого чейин өз жеринен тизмеден чыгуу күбөлүгүн алып келип, каалаган жеринен добуш берсе болот. Антпесе алар добуш бере алышпайт.
Ал эми Кыргызстан элдик кыймылынын республикалык штабынын жетекчиси Кулубек Бөкөнбаевдин пикиринде, тапканы күнүмдүк жашоосуна жетпей жүргөн атуулдар добуш берүүгө катышуу үчүн өз айылына барышпайт:
-Айына үч жүз, төрт жүз сом тапкан киши Чоң алайга же Атбашыга барбайт. Бул курулай сөз. Ал үчүн жок эле дегенде бир жарым миң акча керек.
Кыргызстан элдик кыймылынын өкүлүнүн жогорудагыдай пикиринен улам биз Ош базарында соода кылган айрым атуулдарга микрофон сундук:
- Мен Токтогул районунан келдим. Мен бул жерде туруктуу жашабайм. Добуш берүүгө катышуу үчүн өз жериме барып келишим керек экен. Аны мен жасай албайм. Атым Нурбек. Барып келишиме миң сом кетет.
- Оштон справка алып келиш үчүн бери дегенде үч миң сом кетет. Мен Ошко барып келе албайм. Мен Ошто турам. Атым Дилшат.
Ал эми бул маселени парламенттик шайлоо учурунда көтөргөн «Демократия жана жарандык коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалиция башчысы Эдил Байсалов буга чейин Жогорку Кеңешке бир нече курдай кайрылгандыгын жана депутаттар бул маселени чечпей койгондугун билдирди.
Ушул эле күнү биз Жогоку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаевге кайрылсак ал аталган маселени Борбордук шайлоо комиссиясы өз токтому менен эле чечип койсо болот деп жооп берди:
-Шайлоо кодексине ылайык ар бир атуулдун Кыргызстандын каалаган жеринде добуш берүүсүн уюштурсак болот. Муну БШК өзү эле токтому менен жасап койсо болот. Анткени президенттик шайлоодо бир гана шайлоо округу болот. Ал эми бир адамдын эки жерде добуш берүүсүнө баш бармакка коюла турган сыя жол бербейт.
Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Көкүмбай Турусбеков Борбордук шайлоо комиссиясы Шайлоо кодексине токтом менен өз алдынча өзгөртүү киргизе албасын, мындай ыйгарым укук Жогорку Кеңешке гана тиешелүү деген жообун узатты.
Ошентип, БШК менен Жогорку Кеңеш өз убагында чечим кабыл албагандыктан жакында болуучу президенттик шайлоодо миңдеген атуулдар добуш берүүгө катышпай калышы мүмкүн.