Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:25

“КӨЗГӨ КӨРҮНГҮС ЦУНАМИГЕ” КАРШЫ КҮРӨШ КҮЧӨТҮЛҮШҮ ЗАРЫЛ


Төрөкул Дооров, Прага Жапониянын Кобэ шаарында Азия мамлекеттериндеги СПИД оорусуна каршы күрөшүү боюнча эларалык конференция өтүп жатат.

Делегаттарга алгач жагымдуу музыка менен белгилүү актер Жеки Чан ойногон тасма коюлду. Бирок конференция баары бир өз максатын өтөп, 20-кылымдын чумасы СПИД оорусу келтирип жаткан коркунучка дагы бир жолу көңүл бурууга чакырды. Улуттар уюмунун маалыматына ылайык, дүйнө боюнча ВИЧ вирусуна чалдыккандардын саны 40 миллион болсо, анын ичинен 8 миллион адам Азияда жашайт.

Уюмдун өкүлү Питер Пайот эгерде жакынкы жылдарда чечкиндүү аракеттер көрүлбөсө, СПИДке чалдыккандардын саны Азияда эле 5 жылдын ичинде 12 миллионго жетиши мүмкүндүгүн айтты:

- Мен Азиядагы окуяларга карап туруп, бул жерде түрдүү тобокелдиктин жыйындысын көрөм. Бул барган сайын “тобокел жардыргычка” айланып, эгерде бул жактагы “адаттагы сексуалдык бизнес” токтобосо, анда СПИДдин жардыруусуна айланышы мүмкүн.

Уюмдун дагы бир өкүлү Прасадо Рао СПИДди “көзгө көрүнгүс цунами” деп атады:

- Өткөн жылдагы цунами келтирген зыянды тез эле эсептеп чыга алган болсок, ВИЧ инфекциясы менен күрөшүүдөгү негизги кыйынчылык – анын залакасын ушундай кыска мөөнөттө эсептеп чыга албагандыкта. СПИД “көзгө көрүнгүс цунамидей” эле, керек болсо, чыныгы цунамиден да алда канча көп адамды өлтүрөт.

Улуттар уюмунун ишениминде, Азияда СПИДдин таркалышынын алдын алууга болот. Бирок байкоочулардын айтымында, азиялык мамлекеттердин өкмөттөрү оорунун таркалышына себеп болуп жаткан тармактардан баш тартышы татаал. Бул – сексиндустрия жана баңги заттар.

XS
SM
MD
LG