Польшанын президенти Александр Квасниевский бул жөн жеринен эмес деп комментариялады. Валдас Адамкус болсо өкмөт мүчөлөрүн мааракеге катышпоого чакырды. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин гана анклавты көзөмөлгө алган Россияга караганда Литва менен Польша тарыхый жактан алганда Калининградка жакыныраак. Муну эске алганда, эки лидердин чакырылбай калышы таң калычтуу, - дешет байкоочулар.
Вильнюстук аналитик Витаутас Радзвилас Литва регионго жаңы экономикалык жана геосаясий кырдаалда өз ордун табууга жардам берген дейт:
- Бизди салтанатка чакырбай коюу Литванын салымын тааныбоо болуп эсептелет. Балким, Путин Жеңиш майрамын белгилөөгө барбай койгон Адамкустан өч алууда. Бирок анда эмне үчүн 9-майда Москвага барган Квасниевский чакырылган жок.
Москвалык талдоочу Кирилл Коктыш болсо бул маселе боюнча мындай пикирде:
- Биз эки президент эмне үчүн чакырылган жок деп ар кандай божомолдорду айта алабыз. Россиянын Польша жана Литва менен мамилелерин мыкты деп мүнөздөөдө чындыкка дал келбегени менен, аларды өтө жаман деп да айта албайбыз. Анын себептери түрдүү. Москва Вильнюстун Cоветтик оккупация үчүн компенсация талабына нааразы. Польша болсо Украиандагы саргылт революция учурунда Виктор Юшенкону активдүү колдогондугу үчүн Россиянын каарына калган. Польша менен мамиле Киевlеги саргылт революциянын маалында начарлап кеткен. Бирок андан кийин эч кандай окуя болгон деле эмес. Варшаванын жакында антироссиялык чакырыктарды жасаганы эсимде жок.
Эмнеси болсо да, Кремль эки өлкөгө тең дипломатиялык ишара жасады. Бирок ал эмнени билдирээри жашыруун сыр бойдон кала берүүдө.
Путиндин кеңешчиси Сергей Ястржембскийдин ырстоосунда, Калининграддын айрым коңшулары тарабынан жасалган спекулятивдик кептер Москваны таң калтырды. Алар салтанат кандай болушу керектигин таңуулагысы келди.
Ал эми мунайдын баасы өсүп жаткан кезде, Россия Германия менен Франциянын экономикасына багыныңкы экени жашыруун эмес.