Нью-Йорк мамлекеттик университетиндеги саясий илимдер боюнча профессору Роберт Спитзер буларга токтолот:
- Журналисттер мыйзамда кандайдыр бир өзгөчө укуктарга ээ деген ой чын эле эскирип калды. Томас Жефферсон жана америкалык саясий системанын башка түзүүчүлөрү бул идеянын коргоочулары болушкан эле. Ошол 18-кылымда да журналисттердин өзгөчө укугу бар болчу, анткени эл анын өкмөтү чын эле демократиялык жолдо баратабы-жокпу жалаң гана журналисттерден уга алат деген ой корголуп турчу.
Роберт Новак - ЦРУнун жашыруун агентинин атын жазып чыккан журналист. Ал ошол макаласы үчүн кийин суракка тартылып, бирок акыр аягында, Борбордук чалгындоо кызматынын жашыруун агентинин атын жазганы үчүн камакка алынган жок.
Бирок эки башка журналист – “The New York Times” басылмасынан Жудит Миллерди жана “Times” гезитинин кабарчысы Мэттью Кууперди текшерүү бир топ эле катуу жүрдү.
Ай Үйдүн ырасмий өкүлдөрү ЦРУнун жашыруун агентинин атын кокустан айтып жиберген жерде Миллер менен Куупер да бар болчу. Бирок алар бул маалыматты таркатышкан эмес. Ошондой болсо да, соттун эксперттери бул эки корреспондент жашыруун маалымат айтылган федералдык кылмыштын күбөлөрү болушкан деп жатышат.
Өз кезегинде, Миллер менен Куупер басма сөзгө өзүндөгү маалыматты сактоого укук берилишин талап кылып, Ак үйдүн өкүлдөрү менен болгон ошол жолугушуудагы материалдарды берүүдөн кескин баш тартып жатышат. Эгерде алар бул материалдарды беришкенде, анда журналисттерге бул жашыруун маалыматты ким бергени ачылып калмак. Сот “эки журналист өздөрүндөгү маалыматты беришпесе, алар камакка алынаарын” айтып жатат.
Вашингтондогу Америка Университетинин профессору Элисон Шафер айым “сот оңой позицияны ээледи” деп ойлойт.
- Бул репортерлор өзгөчө адамдар эмес. Алар сотко келип, күнөөлөрүн мойнуна ала тургандай кылмыш иштери менен да байланышы жок. Менимче, бул - проблеманын негизин түзө турган нерсе. Эң башкысы – эгерде бул журналисттер өздөрүндөгү маалыматты эч кимге бербесин деп, аларды сырткы дүйнө менен байланышсыз калтырышса, анда азырга чейин өкмөттө уланып келаткан ыплас иштерди айтайын деп жүргөндөр коркуп, мындан баш тартышат.
Ушул тапта АКШнын бир катар штаттарында маалыматты өзүндө сактоо укугун берген мыйзамдар бар. Бирок басма сөз эркиндигин жактаган бир топ активисттер эми бул мыйзамды Конгресс жалпы өлкөнүн деңгээлинде федералдык мыйзам катарында кабыл алышы зарыл экенин айтышууда. Ошондо гана журналисттер өздөрүнүн маалымат булактарын айтпай иштей алышат. Бирок мындай учурда ким чынында журналист экенин аныктоо да кыйын деп кошумчалайт профессор Шафер айым.