Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:24

БEЙӨКМӨТ УЮМДАР АДИЛЕТ ШАЙЛОО ҮЧҮН


Президенттик шайлоону таза, калыс өткөрүү максатында 7 бейөкмөт уюм биргелешип “Жалпы улуттук атуулдук өнөктүк” деген кампания өткөрүүдө. Ал “Мен адилет шайлоо үчүн” деген ураан алдында жүрүп жатат. Айрым бейөкмөт уюмдардын билдиргенине караганда, кээ бир шайлоо участокторунда шайлоочулардын тизмеси алигиче тактала элек. Ал эми Тажикстандан жер оодарып келишкен айрым кыргыздарга алардын атуулдугун күбөлөндүргөн документ бериле элек.

Атуулдук коомду колдоо борборунун Ассоцациясы, Интерньюс-Кыргызстан, Жаштардын «Кел-кел» кыймылы, Эл аралык Интербилим борбору, Бизнес Ассоцациясынын конгресси, Демократия жана атуулдук коом коалициясы, Эл аралык толеранттуулук үчүн кору «Мен адилет шайлоо үчүн» деген аталышта «Жалпы улуттук атуулдук өнөктүгү» кампаниясына биригишкен. Каунтерпарт-Кыргызстан аркылуу ЮСАИД уюуму тарабынан шайлоонун ачык таза, акыйкат өтүүсү жана шайлоо маалында жарандык көзөмөл жүргүзүү багытында бейөкмөт уюмдардын 60 долбоору жактырылып, ага 157 миң АКШ доллары бөлүнгөн.

Долбоор боюнча иш алып барган бейөкмөт уюмдар жер жерлерде шайлоочулардын укуктарын, шайлоону мыйзам чегинде өткөрүү тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, президенттик шайлоого карата шайлоо участкаларындагы даярдыктарга көзөмөл кылышкан. Айрым бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнүн айтымында кээ бир шайлоо участкаларында тизмелер илине элек.

Баткен облусунун Кадамжай шаарчасындагы «Ардагерлерди социалдык жактан коргоо» корунун жетекчиси Владимир Лукьяновдун бул тууралуу мындай дейт:

-График боюнча 21-июнда шайлоочулардын тизмеси илиниши керек болчу. Тилекке каршы, Кадамжай шаарчасындагы шайлоо участокторунда алигиче шайлоочулардын тизмеси илине элек. Ошондуктан жергиликтүү мамлекеттик администрация кандайдыр бир чара көрүшүнө жарандар ишене бербейт. Шайлоо участкаларындагылар дубал тактасынын жоктугун айтып шылтоолошот.

Ал эми Сокулук районундагы «Сайрон» бейөкмөт уюумунун жетекчиси Неймон Абдысатаров Тажикистандан келген айрым кыргыздарга атуулдугун күбөлөндүргөн документ бериле электигин айтты:

-Сокулук району боюнча айтсам, бүгүнкү күнү атуулдук алууга жарлык чыккан 120 кишиге пластикалык күбөлүк алып берип атабыз. Дагы 100гө жакын киши калды. Аларга шайлоого чейин алып беребиз деген үмүт бар. Ал эми Сокулук районунан 180 адам шайлоого катышпай калуусу күтүлүүдө. Анткени аларга атуулдук алуу боюнча жарлык чыга элек

Кыргызстандагы мүмкүнчүлүгү чектелген 100 миңден ашуун адамдар да президенттик шайлоого карата өз салымдарын кошууга аркет кылып жатканын, «Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга юридикалык жардам көрсөтүү» корунун жетекчиси Мирбек Асангалиев билдирди:

- Кыргызстандагы мүмкүнчүлүгү чектелген 100 миңден ашуун адамдар да президенттик шайлоого карата өз салымдарын кошууга аракет кылып жатышат. Шайлоо акыйкат, таза өтсүн деген максат менен бир катар семинарларды өткөрдүк. Шайлоо өнөктүгүндө мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укугун коргоо иретинде да бир катар түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Анткени өткөн парламенттик шайлоодо мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар өздөрүнүн аты-жөнүн тизмеден тактабай, шайлоо участокторунда фальсификацияга жол берген фактылар болгон.

Нарын шаарындагы «Кол кабыш» коомдук бирикмесинин жетекчиси Чолпон Жумаева облустагы жергиликтүү элдин шайлоого карата маанайы тууралуу буларды билдирди:

-Негизинен жергиликтүү элдин шайлоого анчейин деле көңүлү жок. Өткөн шайлоодон элдин тажагандыгы сезилет. Менимче, өлкөбүздүн башчысын тандап, шайлап алыш биздин алдыбыздагы чоң милдет. Ошондуктан эл активдүү катышуусу үчүн облустук маалымат каражаттары аркылуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Ал эми шайлоого карата даярдыктар Нарында жакшы эле.

XS
SM
MD
LG