Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:09

ПРЕЗИДЕНТТИККЕ ТАЛАПКЕРЛЕР ТЕЛЕДЕБАТКА ЧЫГА БАШТАДЫ


Шайырбек Эркин уулу 4-июлда президенттикке талапкерлердин теледебаты башталды. Улуттук телерадио корпорациясы аркылуу коомчулукка түз ободо көрсөтүлгөн алгачкы теледебатка президенттикке талапкерлер: КДК партиясынын төрагасы Жыпар Жекшеев менен бейөкмөт уюмдар Ассосациясынын төрайымыТоктайым Үмөталиева чыгышты.

Алгачкы теледебатта талапкерлер негизинен экономикалык программасын айтышып, Кыргызстандын мындан аркы экономикалык жактан өсүп-өнүгүшү үчүн кандай иштерди биринчи иретте жасоо керектиги тууралуу сөз кылышты.

Жыпар Жекшеев менчиктештирилген мүлктү кайра бөлүштүрүүнү улантуу керек, анткени көптөгөн маанилүү объектилер учурунда мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен деген пикирин айтса, Токтайым Үмөталиева бул ишти дыкат иликтеп, мыйзам чегинде гана жүргүзүү керек деген пикирин билдирди.

Теледебат учурунда Ош шаары менен түз телекөпүрө уюштурулуп, өлкөнүн түштүк борборундагы коомчулук өкүлдөрү да талапкерлерге суроо берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Көрүүчүлөрдөн суроолордун абдан көп болгону Кыргызстанда алгач ирет болуп жаткан бул иш чарага коомчулуктун кызыгуусу зор экенин айгинелегендей болду.

Айрым байкоочулардын баамында, алгачкы теледебатта талапкерлер ортосунда жандуу талаш-тартыш көп деле байкалган жок, алар негизинен суроолорго жооп берүү менен гана чектелишти.

5-июлда Турсунбай Бакир уулу менен Кеңешбек Дүйшөбаев, ал эми 6-июлда Курманбек Бакиев менен Акбараалы Айтикеевдин теледебаты өткөрүлөт. Алты талапкер ушинтип теледебатка эки-экиден чыгып бүткон соң, 8-июлда баары чогуу чыгышат. Талапкерлердин теледебаты БШКнын отурумунда чүчүкулак кармоо жолу менен аныкталган.

XS
SM
MD
LG