Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:18

МЕЛИС ЭШИМКАНОВ: “ЕККУ ЖЫЙЫНЫНДА КЫРГЫЗСТАН КАЧКЫНДАР МАСЕЛЕСИ БОЮНЧА КАТУУ СЫНГА КАБЫЛДЫ” (1-БӨЛҮК)


АКШнын баш калаасында 5-июлда Европадагы Коопсуздук жана Кызматташттык уюмунун Парламенттик ассамблеясынын 14-жылдык жыйыны өз ишин аяктады. Владивастоктон Ванкуверге чейинки мейкиндиктеги 55 өлкөнүн, анын ичинде Кыргызстандын парламенттери ортосунда кызматташттыкты бекемдеп, EККУ уюмунун демократияны колдоо максаттарын илгерилетүү вазийпасын аркалган бул жыйынга Кыргызстандан бир гана депутат Мелис Эшимканов катышты. Азаттыктын суроолоруна жооп берип жатып, Эшимканов, паспорту жок болгондуктан, парламенттин төрагасы Өмүрбек Текебаев жана дагы эки депутат келе албай калганын өлкөдөгү чалкеш абалдын белгиси деп баалады. депутаттын айтымында, Вашингтондогу сессияда Кыргызстандын өзбек качкындарын Өзбекстанга кайтарып берүү ниети катуу сынга алынган, өз өлкөсүнүн атынан чыгып сүйлөгөн Эшимканов качкындар маселесинде Өзбекстандын учурдагы бийлиги ар кандай провокацияга барышы мүмкүн экендигин эскерткен. ЕККУ жыйынынан соң “Азаттыктын” Вашингтондогу бюросунда кабарчыбыз Жаныл Жусубжан кызы Мелис Эшимканов менен маектешти. Ошол маектин биринчи бөлүгүн сунуштайбыз.

Тектеш

XS
SM
MD
LG