Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:20

ЖЕРГИЛИКТҮҮ БАЙКООЧУЛАР ШАЙЛОО ӨНӨКТҮГҮНӨ БАА БЕРИШТИ


Президенттик шайлоого саналуу гана күндөр калды. “Демократия жана атуулдук коом үчүн” коалициясынын узак мөөнөттөгү байкоочулары шайлоо алдындагы кырдаал жана анын даярдыктары боюнча иликтөө жүргүзүп, анын негизинде мыйзам бузуулар болуп жаткандыгын айтышты. Ал эми коалициянын жетекчиси Эдил Байсалов БШКнын курамы өзгөрбөгөндүктөн шайлоонун адилет өтөөрүнө ишенбестигин билдирди.

10-майдан тартып “Демократия жана атуулдук коом үчүн” коалициясынын 150 узак мөөнөттөгү байкоочулары тарабынан шайлоо алдындагы өнөктүк боюнча мониторинг жүргүзүлгөн. Узак мөөнөттөгү байкоочулар негизинен талапкерлерди колдоо боюнча кол топтоонун жүрүшү, райондордо шайлоо комиссияларынын түзүлүшү, тизме тактоо жана үгүт иштеринин жүрүшү боюнча байкоо жүргүзүшкөн.

“Демократия жана атуулдук коом үчүн” коалициянын жетекчиси Эдил Байсалов жер-жерлерде мыйзам бузуулар бар экенин айтты:

- Мурунку шайлоолор менен салыштырмалуу жакшы өзгөрүүлөр бар, бирок жер-жерлерде атка минерлер тарабынан мыйзам бузуулар болду, ушундай фактылар бар. Мурнукудай Ак үйдөн пландаштырылган, жетектелген кампания байкалбайт.

Ошондой эле Эдил Байсалов БШКнын дарегине сын пикирин айтып жатып, президенттик шайлоонун адилет өтүшүнө күмөн санаарын билдирди:

- Биздин оюбузча, БШК толугу менен шайлоого даярдык өнөктүгүн тунук жана калыс түрдө алып барган жок. Анткени БШКнын курамы өзгөргөн жок, алар мыйзамдын тамгасын аткарса дагы, жаны менен берилип, ушул шайлоолордо адилеттүүлүктү камсыз кылып берели деген дел ниетин көргөн жокпуз.

Эдил Байсаловдун мындай пикирин Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Жеңишбек Акматов негизсиз деп эсептейт:

- Мындай негизсиз асылууларды четке каккым келет. Эгерде бизге ишеним көрсөтпөгөн фактысы болсо, айтса болот эле. Бирок Эдил Байсалов 24-марттан кийин кайсы жерде болбосун БШК кетиш керек деп айтып келет. Анын коалициясы кайсы жерде болбосун күнөм санап келе жатат, биз аларга көңүл бурбайбыз.

Шайлоого эл аз келиши мүмкүн деген коркунучтар да жок эмес. Бул маселе тууралуу белгилүү саясатчы жана ишкер Алмазбек Атамбаев буларды айтты:

- Албетте мындай коркунуч бар. Бул жерде жалаң эле эс алуу эмес, шайлоого катышпаш керек деп бузуп жүргөндөр бар. Туруктуу бир бийлик болбосо, мурункудай эле оюндарды жүргүзө берсек дегендер бар. Ошону үчүн мындай иш аракеттерге карабсатан эл бир саатын аябай, шайлоого барып добушун бериши керек.

XS
SM
MD
LG