Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:25

КЫРГЫЗСТАНДЫН АКШдагы ЭЛЧИЛИГИНДЕ ДА ШАЙЛОО КАМЫЛГАСЫ ЖҮРҮҮДӨ


Кыргызстандын Вашингтондогу элчилигинде 10-июлдагы президенттик шайлоого даярдык жүрүп жатат. Элчиликтин консулу Эмил Кайкиевдин “Азаттыкка” билдиришинче, Кошмо Штаттарында жашайт деп катталган 684 кыргыз атуулунун ичинен Вашингтондо 45и, Нью-Йокртогу консулатта 85и шайлоого катышабыз деп жазуу жүзүндө кайрылышты. Бирок шайлоо күнү АКШнын баш калаасындагы кыргыз элчилигинде 60-70 чакты киши добуш берет деп болжолдонууда. Бул тизмеде орус тилинде чыгуучу “Gazeta.kg” интернет төрүнүн редактору Улан Мелисбек да бар. Ал добуш берүүгө катышуу үчүн АКШнын аркы тарабынан, Сан-Францискодон атайын келген жеринен “Азаттыктын” кабарчысына жолугуп, келечек шайлоодогу кыйынчылыктарга токтолду, Анда “Азаттыктын” Вашингтондогу штаб-квартирасында Жаңыл Жусубжан жүргүзгөн чакан маекке назарыңыздарды бурабыз.

Тектеш

XS
SM
MD
LG