Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:11

Талас шаардык билим берүү бөлүмүндөгү чуулгандуу абал боюнча жаңы жагдайлар чыгууда


ТАЛАС. Билим берүү министринин милдетин аткаруучу Нур уулу Досболдун 7-июлдагы буйругу менен Талас шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Кенжаалы Орозалиев соттун акыркы чечими чыкканга чейин кызматынан экинчи жолу бошотулду. Министрдин Кенжаалы Орозалиевди иштен алган биринчи буйругун Бишкектеги 1-Май райондук, андан соң Бишкек шаардык соту жокко чыгарган эле. Министрдин жаңы буйругу Улуттук коопсуздук кызматынын облустук башкармалыгынын тергөөчүсүнүн токтомунун негизинде чыгарылды. Ал эми Улуттук коопсуздук кызматынын Талас облусу боюнча башкармалыгы 10-июнда Кыргыз Республикасынын жаза кодексинин 304, 315 жана 171-статьяларында каралган белгилер боюнча кылмыш ишин ачып, ушул тапта иликтөө иштери жүрүп жатат.

XS
SM
MD
LG