Кочкор айлындагы “Эркин жаштар” демократиялык клубунун төрөгасы Нурбек Сапарбеков алдыдагы шайлоого жаштар активдүү катышат деген пикирде:
-Келе жаткан шайлоо Кыргызстандын келечеги экенин эл жакшы түшүнүүдө. Жаштар дагы өздөрүнүн активдүүлүгүн көргөзүп жатат. Айылдагы балдар учурда жүрүп жаткан талаачылык иштерин эртерээк бүтүрүп, шайлоого урук-туугандарынын катышуусуна көмөк көргөзүүгө аракет жасашууда. Бүгүнкү күндө Кочкор айлында бардык талапкерлердин үгүт баракчалары таратылып жатат. Добуш сатып алуу, жанан башка мыйзам бузуулар байкала элек. Мен жетектеген уюм тууралу айтсам, биз тигил же бул талапкерди колдогон жокпуз. Биз жөн ганан шайлоого көз карандысыз бакоочу болуп катышабыз. Негизги тилегибиз Кыргызстандын келечегин ойлогон, жүрөгү эл деп соккон адам президент болуп калса экен. Ошондуктан Кыргызстандын жалпы жаштарын шайлоого активдүү катышууга үндойбүз.
Убагында мурдагы президенттин администрация жетекчиси Болот Жанузаков Украинанын “Пара” аттуу жаштар уюуму менен салыштырган “Ойгон, Кыргызстан жаштары” кыймылынын тең төрөгасы Керим Макеев элеттик жаштардын көпчүлүгү шайлоого кайдыгер мамиледе деп эсептейт:
-Биздин кыймыл Оштогу карапайым эл менен иштеп жатабыз. Элдик бийлик орногондон кийин өлкөнүн башчысын эл өзү шайлаш керек. Басым жасап Бакиевди же Айтикеевди шайлагыла деген жерибиз жок. Эл өзүнүн жүрөгүнө жаккан талапкерди шайлап алсын. Бутубуз кайсыл жерге жетсе, ошол жерге чейин барып, райондордун баардыгында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Шайлоо күнү ар бир участкаларга биздин кыймылдан экиден бала байкоочу болуп катышат. Администрациянын кызматкерлери эч кимге көргөзмө бербесин, эл өзү каалагандай шайласын деп талап койдук. Өкүнүчтүүсү жаштардын арсынан, бизге мына ушундай президент керек, Кыргзстандын келечеги мындай болсун деп суурулуп чыкпай жатышат. Шаарда бир аз шайлоого болгон көз караштар жакшы. Ал эми айлдарда болсо жумушсуздуктун айынан көбүнчөсү Орусияга кетип, жаштар деле калбай калыптыр. Базардагы жаштар болсо мага соода кылганга жер болсо болду, президент ким болот айрымасы жок дейт. Демек жаштардын арасында активдүүлүк кубантаарлык деп айтууга болбойт.
Таластагы парламенттик шайлоонун чатагы алиге чейин чечиле элек. Ал эми президенттик шайлоого даярдыктар кандай жүрүүдө, админстративдик ресурс колдонулган жокпу деген сурообузга таластык жаштардын өкүлү Талант Муксумов мындайча жооп узатты:
- Мурдагы шайлоолорго караганда админстративдик ресурс колдонулган жок. Элди коркутуп-үркүтүп бизге саласың дегендерин уга элекпиз. Бирок андайлар да болуп жатат. Таптакыр эле мыйзам бузуу болгон жок деп айтыштан алысмын.