Лондондун тарыхындагы эң ири теракттан 50 чакты киши ажал тапты. Бул сан өсүшү ыктымал деп айтылууда. Учурда полиция метронун айрым вагондорунан курман болгондордун денелерин алып чыгуу менен алек. Рассел скэйер деген станцияда туннел урап кетет деген кооптонуулар пайда болууда. Андыктан издөө иштери жай жүрүп жатат.
Полициянын өкүлдөрү ал-Кайида менен байланышта турган топтордун жооперчиликти өзүнө алган билдирүүлөрүнө катуу көңүл бурулуп жатканын айтышууда. Жергиликтүү гезиттер болсо эки жыл илгери Касабланкадагы жардырууларды уюштурган морокколук жаран шектелгендердин арасында болушу ыктымал деп жазып чыгышты. Полиция болсо бул маалыматты комментариялай элек.
Жума күнү Лондон полициясынын башчысы Ийэн Блэр жардыруулар үчүн жооптуу адамдарды табуу үчүн болгон аракеттер жумшалат деген:
- Шаардын полициясы бул ырайымсыз карасанатайлыкка баргандарды издөөгө бар күчүн жумшайт деп так айта алам.
Лондондуктардын көбү күнүмдүк турмушун буга чейинкидей уланта беребиз дешет. Терористтер көздөгөн максатына жетишпейт дейт Mарк Тайлер:
- Коркутуп-үркүтүүлөргө моюн сунбай, жашоону уланта бериш керек.
Анын бул пикири президент Буштун сөздөрүнө үндөшүп кетет:
- Британдар кебелбес, бекем эл. Биз дагы бир жолу лондондуктардын, британдардын күчтүү мүнөзүнө күбө болдук, - деген Кошмо Штаттардын президенти.
Британиянын премьер-министри Тони Блэр болсо анын өкмөтү коопсуздук мыйзамдарын күчөтүүгө барбайт деп ырастады. Терроризмден коргонуу үчүн коопсуздкту күчөтүү жетиштүү эмес. Ал үчүн терроризмдин себептерин – жакырчылыкты жоюп, Жакынкы Чыгыштагы жаңжалдарды жөнгө салуу абзел, - деди Блэр.