Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:11

ЧЕТ ӨЛКӨЛӨРДӨ ДА ЖҮЗДӨГӨН КЫРГЫЗ АТУУЛДАРЫ ДОБУШ БЕРҮҮГӨ КАТЫШТЫ


Кыргызстанда президенттик шайлоодо добуш берүү 10- июлда саат 21де аяктап, бюллетендер саналып жатса, чет өлкөлөрдө жашап, иштеп жүргөн кыргызстандыктар убакыттын айырмасы боюнча жаңы эле добуш берип бүтүштү.

Айрым маалымат булактарында Орусия менен Казакстанда эле учурда 300 миңдей кыргызстандык атуул иштеп жүргөнү маалымдалат. Ал эми Батыш жана Азия өлкөлөрүндө 5-6 миңден ашуун кыргызстандык иштеп, окуп жүрүшкөнү тууралуу маалымат бар. Чет өлкөлөрдө убактылуу иштеп, окуп жүргөн кыргызстандык атуулдар президенттик шайлоого катышып, добуш берүүсү үчүн 40 шайлоо участогу иштеди. Эң алгач Жапан өлкөсүндөгү элчилик маалымат берип, 60 кыргызстандык добуш бергенин билдирген.

Орусияда убактылуу иштеп жүргөн кыргызстандыктар үчүн 15 шайлоо участогунда добуш берүү уюштурулганын, бардык мекендештер үчүн эшик ачык болгонун өлкөнүн Орусиядагы элчиси Апас Жумагулов белгиледи:

- Орусияда убактылуу иштеп жаткан кыргызстандык атуулдардын санын так билүүгө мүмкүн эмес. Айрым атуулдарыбыз эч кандай каттоого алынбай иштеп жүрүшөт. Кыргызстандыктардын 2005-жылдын 6- июлуна чейин консулдукка арыз жазып кайрылгандар жана кошумча тизмеге кирген бардык кыргызстандык атуулдар шайлоого катышып добуш беришти. Чынында Орусиянын 82 субъектисинде иштеп жүргөн бардык кыргызстандыктарды камтый албадык. Ага мүмкүн эмес. Бирок кыргызстандык паспорту, каттоосу бар бардык атуулдарга шайлоого катышууга мүмкүндүк бердик.

Чет өлкөлөрдө убактылуу жашап, иштеп жүргөн 21 миң кыргызстандыктан президенттик шайлоого катышууга арыз түшкөнү менен, шайлоого келгендердин саны 35 миңге чейин жетип калганын өлкөнүн тышкы иштер министрлигинин шайлоону уюштурууга жооптуу кызматкери Лидия Иманалиева билдирди:

- Чет өлкөлөрдө убактылуу иштеп жүргөн мекендештер шайлоодо добуш бериш үчүн 40 пунктта шайлоо участоктору иштеп, 28 консулдук шайлоо участогунда добуш берип жатышат. Кыргызстанда шайлоо убактысы 14 саатка созулса, чет өлкөлөрдө добуш берүү 27 саатка созулду. Шайлоо жекшемби күнгө туш болгондуктан түштөн кийин атуулдарыбыз активдүү келишти. Жалпы чет өлкөлөрдө убактылуу иштеп жаткандар үчүн 55 миң шайлоо бюллетени жеткирилген. Чет өлкөлөрдөгү президенттик шайлоону 100гө жакын эл аралык байкоочу көзөмөлгө алып турду. Шайлоочулардын активдүүлүгү түштөн кийин байкалды.

Лидия Иманалиева мындан сырткары чет өлкөлөрдө иштеп, окуп жаткан атуулдардын саны, тизмелери ошол мамлекетеги элчиликтер тарабынан такталганын, Европа Биримдигине кирген өлкөлөрдө 70тен 3 миңге чейин атуулдар консулдук участоктордо добуш бергенин кошумчалады.
Орусиянын Оренбург шаарында убактылуу иштеп жүргөн кыргызстандыктардын маданий борборунун жетекчиси Абыл Кеденов президенттик шайлоого үч миңдей атуул катышканын, алыскы кыштак, райондорго барууга мүмкүн болбогонун айтты.
Екатеринбург шаарындагы шайлоо участогунун президенттик шайлоо комиссиясынын мүчөсү Айдар Олжобаев менен телефон аркылуу байланышканда буларды билдирди:

- Шайлоо участоктору кыргыз туусу, герби менен кооздолду. 10- июлда гимн ойнотулуп, саат жетиде шайлоо өнөктүгүн баштадык. Учурда биздин участоктон эле 2 миңдей шайлоочу добуш беришти. Кыргызстандан бейөкмөт уюмдардан 2 байкоочу келди. Москвадан да байкоочулар келип, жалпы алтоо байкоо жүргүздү. Жергиликтүү маалымат каражаттары да шайлоонун жүрүшүн чагылдырып кетишти.

Орусиянын Самара шаарындагы шайлоо участогунун мүчөсү Закир Жороев президенттик шайлоого кыргыз атуулдары активдүү катышканын телефон аркылуу билдирди:

- Кыргызстандыктар бул жолу президенттик шайлоого активдүү катышты. Өздөрү каалаган талапкерине добушун беришти. Бизге катталгандан 2 эсе көп эл келди. Орусиялык милиция кызматкерлери да жолтоо болбой, жардам беришти.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG