Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:24

АКБАРАЛЫ АЙТИКЕЕВ: “ШАЙЛООНУН АДИЛЕТ ӨТӨӨРҮ ЧОҢ СУРООНУ ТУУДУРАТ”


Канат Субакожоев, Бишкек Президенттике дагы бир талапкер Акбаралы Айтикеев Бишкек шаарындагы №19-мектепте жайгашкан шайлоо участогунда добуш берди. Айтикеев бул шайлоодон кийин экономиканын көтөрүлүшүн күтөбүз дейт.

Добуш берген соң Акбаралы Айтикеев да журналистердин суроолоруна жооп берип, элдин турмушу оңолушу керек деген пикирин билдирди:

- Бул шайлоодон кийин эң негизгиси Кыргызстандыктардын турмушу кескин түрдө оңолуш керек. Ар бир үй-бүлөнүн кызыкчылыгы жанан укугу королушу зарыл. Кыргыз элинин аманчылыгын, экономиканын көтөрүлүшүн тилейм.

Катардагы жөнөкөй шайлоочу эмес, өлкө башчылыгына талапкер катары шайлоого катышып жатып, добуш берүүдө болгон ички сезимдери туурасында ал андан ары буларга токтолду:

- Менин ойумча ар бир талапкер өзүнүн ички сезимдеринде шайлоочулардын саны көп болсо кубанычта болот. Бүгүнкү күн жалпы Кыргызстандын жарандары үчүн чечүүчү күн. Эгерде элибиз активдүү түрдө шайлоону ачык жана тынч өткөрсө анда Кыргызстаныбыз эки жарым жылдын ичинде оңолот деп ойлойм. Бирок шайлоонун адилетүү өтөөрү чоң суроону туудуруп жатат. Себеби он төрт жылдан бери бурмалоого машыгып калган чиновниктер, азыр деле өздөүнүн аркеттерин көрүшөт. Шайлоонун мындай бурмалоолорун эл өзү гана токтото алат.

XS
SM
MD
LG