Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:44

ЭЛ АРАЛЫК БАЙКООЧУЛАРДЫН АЛГАЧКЫ БААСЫ


10-июлда шайлоо чөлкөмдөрү жабылган соң, байкоо жүргүзгөн эл аралык миссиялардын өкүлдөрү президенттик шайлоонун өтүшү боюнча алдын ала билдирүүлөрүн жасашты. Анда байкоочулардын айрымдары өлкөдөгү президенттик шайлоолор мыйзам чегинде өткөндүгүн айтышса, айрымдары шайлоонун легитимдүүлүгүнө шек келтире турган мыйзам бузуу фактылары орун алгандыгын билдиришти.

Кыргызстандагы президенттик шайлоолордо элдин катышуусу активдүү болгонуна жана добуш берүү өнөктүгүнүн ийгиликтүү өтүшүнө карабастан шайлоонун мыйзамдуу өткөндүгүнө шек келтире турган фактылар орун алгандыгын Шайлоочулардын укуктары боюнча Орусиялык коомдук институттун өкүлү Игорь Борисов билдирди:

- Кыргызстандагы президенттик шайлоолордун легитимдүүлүгүнө шек келтире турган фактылар бар. Биринчиси, бул шайлоочулардын тизмесин манипуляциялоо фактысы. Парламенттик шайлоолордогу шайлоочулардын тизмесине карганда бул жолку шайлоолордо тизме 10-15 пайызга кыскартылган экен. Мен айта кетет элем, бул алдын ала гана маалыматтар, мындай фактыларды жакшылап текшериш керек. Шайлоо чөлкөмдөрүндө ИИМ берген справка менен келип добуш берүү туура эмес, анктени мындай справканы биз документ деп айта албайбыз.Бул справканы оңой эле үйдөн компьютердин жардамы менен жасап алса болот да. Эгерде шайлоочулардын катышуусу 60 пайыздан жогору болуп, ал эми тизме боюнча мыйзам бузуулар 8 пайызды түзсө, анда бул фактылар эл өз ыктыяры менен добуш бергендигин билдирет. Ал эми тескерисинче болсо, анда шайлоолор мыйзамдуу өттү деп айтуу кыйын болот.

Игорь Борисовдун айтымында, мындай мыйзам бузуулар эл аралык шайлоо принциптерине каршы жасалган кадам.

Кыргызстандагы президенттик шайлоолордун өтүшүнө байкоо жүргүзгөн СИС-Эмо уюмунун өкүлү Виктор Кармицкий да айрым мыйзам бузууларды белгилеп кетти:

- Биздин байкоочулар өлкөнүн бүт аймагында байкоо жүргүздү. Көзгө урунган фактылардын бири - бул түштүктөгү шайлоо чөлкөмдөрүндө президенттикке талапкерлер тууралуу маалыматтын жоктугу болду. Бул Шайлоо кодексинин 37- беренесин бузуу болуп саналат. Мындай көрүнүш түштүктө гана байкалгандыктан бул шайлоо комиссиянын же болбосо БШКнын кемчилиги эмес, атайын технология деп ойлойбуз. Мындан тышкары биз да шайлоочулардын тизмеси боюнча сын пикирибизди айткыбыз келип турат. Ошондой эле Жалалабат шаарындагы №157-шайлоо участкасында биздин байкоочу бюлеттендерди таштоочу үкөк ачык экенин, анын ичинде бир нече бюлеттендер салынганын байкаган. Мындан тышкары башка шайлоо чөлкөмдөрүндө да ушундай ачык үкөктөр бар болчу, бул одоно мыйзам бузуу деп айтууга болот.

СИС-Эмо уюмунун өкүлү Виктор Кармицкий ушундай мыйзам бузуу фактылары орун алгандыгын айтса, КМШ боюнча байкоочулар миссиясынын өкүлү Александр Хинштейн мындай мыйзам бузуулар шайлоонун легитимдүүлүнө шек келтирбейт деген пикирин билдирди:

- Одоно мыйзам буузулар болду деп айта албайм. Менин кесиптешетрим айтып жаткан мыйзам бузуулар орун алгандыгын жокко чыгарбайм, албетте мындай фактылар орун алса керек, мындай көрүнүштөр Орусияда деле , башка өлкөлөрдө деле болот. Бирок менин оюмча, мындай мыйзам бузуулар шайлоонун жыйынтыгына жана анын легитимдүүлүгүнө шек келтирбейт.

XS
SM
MD
LG