Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:09

ЕККУ БАЙКООЧУЛАРЫ ШАЙЛООЧУЛАРДЫН 75 ПАЙЫЗЫ КЕЛГЕНИНЕ ИШЕНБЕЙТ


Чолпон Орозобекова, Бишкек Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун байкоочулар миссиясы президенттик шайлоого карата өз пикирин билдирди. Европанын 45 мамлекетинин өкүлдөрүнөн турган эл аралык миссия шайлоочулардын 75 пайызы добуш бергенине күмөн саноосун билдирди. Бирок 24-марттагы окуядан кийинки биринчи шайлоодо эл аралык стандарттарга карай жылыш бар деп белгилешти.

ЕККУнун парламенттик делегациясынын өкүлү, кыска мөөнөттөгү байкоочулар миссиясынын жетекчиси Киммо Килнен соңку 15 жылда Кыргызстанда болгон парламенттик да, президенттик шайлоолорго байкоо жүргүзүп келишкенин айтып, акыркы президенттик шайлоону ЕККУнун эл аралык стандарттарына жакындашкан биринчи шайлоо болду деп белгиледи.

Киммо Килнендин пикиринде, февраль айында өткөн парламенттик шайлоодогу үч чоң кемчилик бул жолку шайлоодо кайталанбаптыр. Добуш сатып алуу фактылары, эркин массалык маалымат каражаттарын муунтуу, оппозициялык маанайдагы талапкерлерге бут тосуу же такыр каттабай койуу. Бул үч көрүнүш февраль айындагы шайлоодо кеңири орун алган болсо, бул жолку президенттик шайлоодо катталган жок дейт ЕККУ парламентинин өкүлү.

ЕККУнун кыска мөөнөттөгү байкоочуларынын миссия башчысы Киммо Килнен байкоочулар шайлоочулардын 75 пайызы добуш бергенине анча ишенишпейт, бул бир аз үйлөтүлгөн сан дегендей пикирин айтты:

- Баарынан да күн кечтеп калганда ушундай санды угуп таң калдык. Кыргызстандын жарым миллионго жакын атуулдары чет жактарда жашаарын билебиз. Шайлоочулардын тизмеси түзүлүп атканда бул багытта так эместиктер кетиши ыктымал. Биз балким бул жакта чындап катталган шайлоочулардын санын кыскартыш үчүн бурмалоо бар го деп чочулап турабыз. Түшүнүп турасыңар да, мындай кыскартуу добуш берген шайлоочулардын санын көбөйтүүнү көздөйт.

ЕККУнун байкоочулар миссиясынын жетекчиси Любомир Копай да бул шайлоодо бир канча жетишкендиктер бар деп билдирди. Анын айтымында, шайлоо алдындагы жараяндарда жана добуш берүү учуру эл аралык нормаларга ылайык болду. Бирок добуш саноо жана шайлоонун жыйынтыгын чыгарууга келгенде ачык-айкындуулук болгон жок деген оюн билдирди. Борбордук шайлоо комиссиясы мындан да ачык иштегенде талапка ылайык болмок дешет эл аралык байкоочулар.

- Административдик ресурстарды президенттин милдетин аткаруучунун кызыкчылыгына пайдалануу болгон жок, болсо да катуу эскертилгенден кийин көрсөтмөсүз жасалган. Массалык маалымат каражаттары салыштырмалуу бу жолу эркин иштешти. Бирок Бакиев мырза башка талапкерлерге караганда көп чагылдырылып атты.

Европа парламентинин делегациясынын жетекчиси Алберт Жан Маат Кыргызстандагы бул президенттик шайлоодо ЕККУнун стандарттарына жакындашуу байкалды дейт. Мурдагы шайлоолордо айтылган сын-пикирлердин көбү эске алынды деди Жан Маат мырза. ЕККУнун байкоочулары легитимдүү президенттин шайланышы өлкөдөгү стабилдүүлүккө алып келсин деген тилектерин айтышты.

ЕККУнун байкоочулар миссиясынын алкагында 45 мамлекеттен 340 байкоочу келген.

XS
SM
MD
LG