Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:04

ШАЙЛООГО ЭЛДИН ЖИГЕРДҮҮ КАТЫШУУСУНУН СЕБЕБИ ЭМНЕДЕ?


Азиза Турдуева, Бишкек 11-июлда Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы президенттик шайлоонун соңку жыйынтыктары боюнча маалымат жыйынын өткөрдү. Төрага шайлоо ачык, акыйкат өткөндүгүн белгилеп, электораттын шайлоого жигердүү катышкандыгынын себептерине токтолду. Ал эми айрым талапкерлер шайлоонун жыйынтыктары бурмаланды деген пикирде. Кээ бир саясатчылар болсо шайлоонун жыйынтыктары 24-марттагы ыңкылапта эле чечилип калган дешет.

Адегенде Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча соңку маалыматтарды берди. 2 млн. 558 миң шайлоочунун 74, 6 пайызы 10-июлдагы добуш берүүгө катышкан. Алардын ичинен 1 млн 731 миңге жакын шайлоочу Курманбек Бакиевге добуш берсе, 76 миң 400ү Турсунбай Бакир уулуна, 72 миңи Акбараалы Айтикеевге, Жыпар Жекшеевге 18 миң шайлоочу, Токтайым Уметалиевага 10300, Кеңешбек Дүйшөбаевге болсо 10 миң шайлоочу өз добуштарын беришти.

Туйгунаалы Абдраимов шайлоо ачык, акыйкат өттү деген пикирин билдирди:

- Мен толук жоопкерчилик менен билдирем: шайлоо жалпысынан ачык, акыйкат өттү. Айрым кемчиликтер бар. Мындай чоң өнөктүктөр бардык эле өлкөлөрдө кемчиликтерсиз өтпөйт. Көпчүлүк байкоочулар күбө болгондой, шайлоо ачык, адилеттүү өттү. Президенттикке талапкерлердин да байкоочулары катышты. Ошондуктан, мен бурмалоорлор болгон жок деген пикирдемин.

БШКнын төрагасы электораттын бул ирет шайлоого жигердүү катышканына эмне себеп болду деген суроого мындайча жообун айтты:

- Эл 24-марттагы ыңкылапты сактап калуу үчүн да өз добуштарын беришти. Аларды эч ким мажбурлаган жок. Эл ыңкылаптан кийин бийликке келген адамдарга ишеним көрсөтүп, алар элдин турмушун оңдойт деген үмүт менен келип добуш беришти деп ойлойм. Элди эч ким мажбурлаган жок. Каалабаса, канча акча берилбесин, канчалык административдик ресурс колдонулбасын – келбей коймок.

Туйгунаалы Абдраимов ошону менен бирге шайлоо учурундагы айрым мыйзам бузуулар боюнча түшкөн арыздар Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын тобу тарабынан каралаарын билдирди.

Батыш өлкөлөрүнүн журналисттери берген кайсы бир талапкерден, же болбосо, уюмдардан Курманбек Бакиевдин президенттикке шайланышы легитимдүү эмес деген мазмундагы арыздар түшкөн жокпу деген суроого БШКнын төрагасы мындай жооп узатты:

- Бакиев легитимдүү эмес президент болду деген арыздар түшкөн жок. Бирок президенттикке талапкерлер Турсунбай Бакир уулу, Акбаралы Айтикеев тарабынан алардын байкоочуларына кысым болду деген арыздар түштү. Аларды биз карайбыз.

Туйгунаалы Абдраимов журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, бул шайлоодон кийин парламенттик шайлоодон кийинкидей, эл ичинде нааразылыктардын болушуна негиз жок деген пикирин билдирди:

- Элдин парламенттик шайлоого каршы чыгышы – Аскар Акаевдин режимине каршы чыккандыгы болгон. Азыркы шайлоо таза, ачык өткөндүктөн, кандайдыр бир нааразылыктардын болушуна негиз, шарттар жок.

Ал эми президенттикке талапкер болгондордун айрымдары шайлоонун жыйынтыктары бурмаланды деп эсептешет. Буга байланыштуу мамлекет башчылыгына талапкер болгон Токтайым Үмөталиева мындай деди:

- Бул шайлоодо административдик ресурстар пайдаланылып, добуштарды сатып алуулар болду. Административдик ресурсту пайдалануу менен 90 пайыз добушту алышты.

Ал эми «Эркиндик» партиясынын төрагасы Топчубек Тургуналиев президенттик шайлоо боюнча төмөнкүдөй пикирде:

- Курманбек Бакиевдин президенттик шайлоодо жеңип чыккандыгы күтүлбөгөн окуя болгон жок. Анын жеңип чыгышы 24-марттагы ыңкылапта эле белгилүү болгон. Анткени, Курманбек Бакиев оппозициянын башында туруп, Акаевдин режимин кулатууга чоң салым кошкон адамдардын бир болду.

Мыйзам боюнча президенттин кызматка киришүү аземи президенттик шайлоонун жыйынтыктары чыгарылгандан кийин бир айдын ичинде өткөрүлүүгө тийиш.

XS
SM
MD
LG