Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:09

КУРМАНБЕК БАКИЕВ ЖЕҢҮҮЧҮ КАТАРЫ АЛГАЧКЫ МААЛЫМАТ ЖЫЙЫНЫН ӨТКӨРДҮ


10-июлдагы президенттик шайлоодо жеңишке жетишкен Курманбек Бакиев дүйшөмбү күнү маалымат жыйынын өткөрүп, журналисттердин суроолоруна жооп берди. Бакиевдин айтымында, алгачкылардан болуп аны жеңиши менен Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев куттуктады.

Өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйынында Курманбек Бакиев 10-июлдагы шайлоонун жыйынтыгын март ыңкылабынын жана кыргыз элинин жеңиши деп атады. Ал ошондой эле шайлоочуларга, ачык жана чынчыл шайлоо өткөрүүгө жардам бергени үчүн байкоочуларга жана маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирди. Шайлоо алдында контреволюциянын капшабы күчтүү болгонун белгилеп, бирок добуш берүү Кыргызстанда туруктуулукту кабарлап, түндүк-түштүк деген маселе жок экенин ачыктады, деди Курманбек Бакиев.

Жакын арада өлкөнүн саясий-экономикалык турмушундагы өзгөрүүлөр тууралуу Бакиев буларды билдирди:

- Бийлик органдарын түзүүнүн Конституциялык жолдору кайра каралып, ал демократиялаштырылат. Президент менен премьер-министрдин ыйгарым-укуктары бөлүштүрүлөт. Жаңы Конституцияда атуулдук коомдун, өзгөчө саясий партиялардын ролу күчөтүлүш керек. Менин пикиримде, жок дегенде парламенттин 50 пайызы партиялык тизме менен шайланыш керек.

Ал ошондой эле премьер-министрлик кызматка Феликс Куловду бекитип берүүнү парламентке сунуштаарын дагы бир ирет белгиледи:

- Мен мурда убада кылгандай премьер-министрдин кызматына Феликс Шаршенбаевич Куловдун талапкерлигин бекитүүнү парламентке сунуштаймын.

Өкмөттүн структурасында болсо өзгөрүү болот. Ал энергетика, тоо кен, айыл чарбасы, туризм тармагына жаңы өкмөттүн артыкчылык беришине жараша жүргүзүлөт. Административдик реформа болсо бир аздан кийин болушу күтүлөт. Азыркы кездеги негизги маселе тез арада өкмөттү түзүп, ишти жүргүзүш керек, дейт Бакиев.

Ал эми парламентти таратуу маселеси жок. Анткени эл саясий күрөштөн тажады. Бирок келечекте парламент жаңы өкмөт жана жалпы эл тарабынан шайланган президент менен кандай иштешип кетет, көп нерсе ушуга да байланыштуу болот.

24-марттагы ыңкылаптан кийин түзүлгөн өкмөт мүчөлөрүн бекитип берүү парламентке сунушталмакчы. Ал эми оппозиция менен конструктивдүү түрдө кызматташууга аракет жасалмакчы.

Кыргызстанда жайгашкан АКШнын аскердик базасынын тагдыры тууралуу суроого Бакиев минтип жооп берди:

- АКШ базасынын Кыргызстанда болуу маселеси Шанхай кызматташуу уюмунун Астанадагы жыйынында көтөрүлдү. Туура көтөрүлдү. Азыркы кезде Ооганстанда кырдаал өзгөрдү. Кезинде антитеррордук күрөшкө баарыбыз салым кошконбуз. Эми Ооганстанда кырдаал турукташты. Ал жерде президенттик шайлоо өттү. Ошондуктан АКШ базасынын Кыргызстанда болуу маселесин карап көрсөк болот. Бирок качан карааларын мезгил көрсөтөт.

Журналисттердин суроолоруна жооп берип бүткөндөн кийин Бакиев буларга токтолду:

- Кыргызстандын демократиялык принциптери кеңейип, өнүгүшү үчүн баарын жасайбыз. Бизде чыныгы басма сөз эркиндиги, сөз эркиндиги, атуулдук коом активдүү болуп, өнүгүүсү үчүн аракет кылабыз. Кыргыз калкынын турмушу жакынкы 2-3 жылда жакшырышы үчүн баарын жасаймын. Бул үчүн өлкөнүн өндүрүш тармагын көтөрүүгө киришебиз.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG