Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:09

КЫРГЫЗСТАНДА ЭКИНЧИ ПРЕЗИДЕНТ ШАЙЛАНЫШЫН ОРУСИЯ КУБАТТАЙТ


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Курманбек Бакиевдин жекшембиде өткөн шайлоодо жеңип чыгышын орусиялык коомчулук да талкууга алышууда. Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров ырасмий пикир айтып, ал жерде : «Мындай жыйынтык жангыз эле Кыргызстанда эмес, ал региондогу жагдайга оң таасирин тийгизет деп эсептейбиз», - деди. РИА «Новости» агенттиги таркаткан маалыматка караганда, 10-июлда Орусия жергесинде жашап аткан 23 миңден артык боордоштор добуш берүүгө катышкан.

Эгемендүүлүккө жеткени Кыргызстанда экинчи президентти шайлоо алыскы Орусияда оорактуу кепке айланды десе жаңылгандык болбос. Шайлоо ташын эсептээр замат алгачкылардан болуп өлкөнүн тышкы иштер министри Сергей Лавров аны ырасмий колдоого алды:

- Мындай жыйынтыкты биз, баарыдан мурда, Кыргызстан ички абалын туруктуу абалга келтирүүгө мүмкүндүк берүүчү иш катары карайбыз. Ал Борбор Азия, дегеле ал чөлкөмдө абалдын оңолушуна өбөлгө болот. Кыргызстандын азыркы бийлиги шайлоо өткөнгө дейре эле эл аралык милдеттенмелерди аткарат деген. Бул туруктуулук үчүн маанилүү иш.

Бишкекте журналисттер алдында сүйлөгөн сөзүндө президент болуп шайланган Курманбек Бакиев Орусия менен алака чыңдала тургандыгын билдирди:

- Экономикадагы өз ара катнашыбыз мындан да жемиштүү болот. Эмне дегенде ал үчүн олуттуу негиз бар. Орусиялык инвесторлор кыргыз экономикасына кызыгуусу абдан чоң жана андан башкача болушу мүмкүн эмес. Жакында орусиялык инвестициянын Кыргызстанга кантип келип атканын сезебиз. Мен буга толук ишенем.

Жекшембидеги шайлоо Орусияда кандай өткөнүн Маскөөдөгү Кыргызстандын элчилигинин кеңешчиси Райымкул Аттокуров айтып берет:

- Орусиянын 11 шаарында 15 шайлоо участогун уюштурганбыз. Маскөө шаарында төрт жерде уюштурулду. Орто эсепте Москва боюнча 16 миң шайлоочулар катышты. Бүт Орусия боюнча 32121 шайлоочу катышты.

Орусиялык анализчилер бирлери саясатка көңүл бурушууда. «Реформа» эл аралык кор вице-президенти Андраник Мигранян пикириындайча билдирди:

- Шайлоодо Курманбек Бакиевдин жеңип чыгышы боло турган иш болуучу. Кыргызстанда эми мындан ары жагдай жаңы президент менен премьер-министрдин ортосунда кандай мамиле болот, ошого жараша өзгөрүлүп турат.

Экономикага айрыкча көңүл бургандар да бар. Маселен, анализчи Олег Панфиловдун пикири боюнча, Кыргызстанда жаңылануу ошого жараша болот:

- Азыр Бакиевдин да, Куловдун да айткандарын талдоого алып атабыз. Алардын кебинде, мамиле бардык тарап менен мурдагы бойдон калат. Орусия менен өзгөрбөйт, батыш менен да өзгөрбөйт. Ошол эле учурда, кандайдыр бир экономикалык өзгөрүү болот дешет. Бирок баштан-аяк экономикалык реформа жүргүзүлбөй, андай жетишкендиккее жетүү мүмкүн эмес.

XS
SM
MD
LG