Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:14

ООГАНСТАНДА ТАЛИБАН ЖАНДАНА БАШТАДЫ


Төрөкул Дооров, Прага Өткөн дем алыш күндөрү Ооганстанда талибдер 10 поллиция кызматкерин өлтүрүшкөн деген маалымат тастыкталды. Ооган бийликтеринин айтымында, алардын алтоосу мууздалган. Андан сырткары, өлкөнүн Пактия деген вилоятында жерге коюлган минанын жарылышынан жекшембиде 12 аскер мерт болду.

Быйылкы жаздан тарта өлкөнүн түштүк аймактарында талибдер ооган аскерлерине кол салууну күчөтүп, жүздөгөн адамдарды өлтүрүштү. 28-июнда курамында 16 америкалык аскери бар коалиция күчтөрдүн тик учагын талибдер жерден атып түшүрүшкөн. Экипаждагылар баары мерт болду. Бул окуя 2001-жылы АКШ Талибанга каршы операция баштагандан берки Кошмо Штаттардын аскерий командачылыгы үчүн эң чоң жоготуулардын бири болду.

Июнда Кандагарда да бир жанкечтинин жардыруусунан 21 адам өлгөн. Анда адамдар окко үчүп өлгөн диний лидердин жаназасына чогулуп, аны акыркы сапарга узатып жатышкан. Акыркы 3 айда өкмөттүн аракеттерин колдогон диний лидерлердин үчөөсүн өлтүрүп кетишти.

Ооганстандын Коргоо министри Абдул Рахим Вардак “Соңку алкактуу чабуулдарды Талибан айрым араб жана коңшулаш өлкөлөрдүн жардамы менен жасап жатат” деп эсептейт. Бул тууралуу ал жекшембиде мындай деди:

- Кар эрип, жаз келгенден бери бул жерде террор чабуулдарынын саны биз күткөндөн да бир топ жогорулады.

Ооганстандын Ички иштер министри Али Ахмад Жалалинин айтымында, жекшембиде өлкөнүн түштүгүндөгү Хелманд провинциясындагы буктурмада бир полиция кызматкери уурдалып кеткен.

- Хелманддын Дешу деген районунда Ооганстандын чек ара кызматкерлери Баранча деген кыштактан Рубатак айылына келатып, көп сандагы террористтердин чабуулуна кабылышкан. Атышуулардын соңунда, тилекке каршы, террорчулар биздин 10 аскерди уурдап кетишти. Кийин алардын төртөөн бир жерде кыйнап, дагы алтоосун башка жерде өлтүрүштү. Өздөрү Гирди Жаңгал деген тарапка качып кетишти.

Министр бул адам өлтүрүүлөрдү исламга жана адамгерчиликке жатпаган карасанатай аракет деп баалады.

- Бул өңдүү чабуулдарды жасап жаткандар мусулмандар эмес, анткени бул иш мусулманчылыкка жана адамгерчиликке каршы келет.

Ооган бийликтеринин ишениминде, Талибан жана анын өнөктөштөрү бул өңдүү аракеттерин күзүндө өтүүчү шайлоону үзгүлтүккө учуратуу ниети менен жасап жатышат. Ооган жеринде парламенттик шайлоо 18-сентябрга белгиленген.

XS
SM
MD
LG