Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:24

ТУРСУНБАЙ БАКИР УУЛУ ШАЙЛОО ТАЗА ӨТТҮ ДЕГЕН ОЙДОН АЛЫС


Президенттикке талапкер болгон Турсунбай Бакир уулу 12-июлда маалымат жыйын өткөрүп, президенттик шайлоодо одоно мыйзам бузуулар болгонун билдирди. Анын айтымында, байкоочулары шайлоо күнү токмоктолгон.

Президенттикке ат салышкан Турсунбай Бакир уулу маалымат жыйынында алгач жаңы шайланган президент Курманбек Бакиевди жеңиши менен куттуктады:

- Эң туура чечим - бул Курманбек Салиевичти жеңиши менен куттуктоо жана бүт шайлоо чөлкөмдөрүндөгү мыйзам бузуу фактыларды, актыларды өз колуна тапшырып берүү. Калганын өзү чечсин. Кыргызстандын атуулу катары мага Кыргызстанда тынчтык жана бейпилдик керек. Ошондуктан Курманбек Бакиевди өзүмдүн ачык катымда аны жеңиши менен куттуктап кеттим.

Турсунбай Бакир уулу шайлоо одоно мыйзам бузуулар менен өткөнүн айтып, бирок мындай мыйзам бузуу фактылары боюнча сотко кайрылбаcтыгын билдирди:

- Бул шайлоо таза өттү деген ойдон мен алысмын. Жер-жерлерде жергиликтүү бийлик менен жергиликтүү шайлоо комиссиялар мыйзамдарды одоно бузуп, биздин ишенимдүү адамдар жана байкоочулар мыйзам бузуулар боюнча кайрылганда эч кимиси көңүл бурган жок. Оштон, Жалалабаттан мыйзам бузуу фактылары жөнүндө актылар келип жатат, бирок мен сотко бербейм деп чечтим. Себеби мен жигит катары өз сөзүмдө турам. Кыргызстанга тынчтык керек. Ошондуктан мен сотко кайрылбайм. Чынын айтыш керек, бүгүнкү күнү сот да, прокуратура да, БШК да бул кагаздарды карабайт .

Ал эми Турсунбай Бакир уулунун ыйгарым өкүлү Мухтар Ибраев шайлоодон кийин деле талапкердин жактоочулары куугунтукталып жатканын айтты:

- Мыйзам бузуулар шайлоонун башында эле башталган. Өзгөчө Түштүктө көп катталган. Азыр айрым жерлерде биздин байкоочуларыбызды куугунтукка алып жатат деген маалыматтар келип жатат.

Маалымат жыйынында Турсунбай Бакир уулу Курманбек Бакиевге өтүнүч менен кайрылып, буларга токтолду:

- “Той да болот, тойдун эртеси да болот” деген сөз бар эмеспи. Тойдун эртеси да болду. Урматтуу Курманбек Салиевич, менин сизге эки гана өтүнүчүм бар. Биринчиден, кошоматчылардын жана күнкарамалардан арылыңыз деп айткым келет. Алар менен сиз эч качан шайлоо алдындагы убадаларыңызды ишке ашыра албайсыз. Экинчиден, президенттикке талапкерлердин жүрүш-туруш кодексинде жеңип чыккан президент жеңилген талапкерлердин штабдарынын кызматкерлерин, же башкаларга добуш бергендерди куугунтукка албайт деп жазылган. Ош , Жалалабат областтарында менин тарапкерлерим куугунтукка алынууда. Ушундай куугунтуктоолорду токтотууну өтүнөм.

Турсунбай Бакир уулу перзиденттик шайлоо таза өткөн жок деп эсептегени менен, Борбордук шайлоо комиссиясыныны төрагасы Туйгунаалы Абдраимов 10-июлдагы шайлоо ачык жана адилет өткөнүн айткан эле:

- Президенттик шайлоо ачык жана таза өттү, муну бүт дүйнө көрдү. Менин оюмча, бул шайлоодо эл өзү келип добуш берди. Эл каалабаса акча берсең да келбейт эле, ошондуктан шайлоо адилет өттү.

XS
SM
MD
LG