Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:46

ПРЕЗИДЕНТ БУШТУН ТЕРРОРГО КАРШЫ СТРАТЕГИЯСЫ


Кечээ Кошмо Штаттардын президенти Жорж Буш террорго каршы согуштун жүрүшү менен тааныштырып, америкалык аскерлерге ыраазычылыгын айтты. Буш британ калкына тилектештигин билдирип, эки өлкө тең мусулман экстремисттерине каршы күрөшүп, өз элдерин коргоп жатат деди. Бирок бардык эле америкалыктар президенттин стратегиясына макул эмес.

Федералдык иликтөө бюросунун Виржинияда жайгашкан машыктыруу борборунда сүйлөгөн сөзүндө Буш Лондондогу жардыруу өңдүү терракттарга туруштук берүүгө тийишпиз деди:

- Террористтер мыйзамдуу өкмөттөрдү төңкөрүп, террорду экспорттоп, эркин элдерди коркутуп-үркүтүп Жакынкы Чыгышта зулумчул режим орноткулары келет. Максатына жетүү үчүн алар 2001-жылдын 11-сентябрында биздин өлкөбүзгө кол салышкан. Террористтер Бали, Касабланка, Эль-Рияд, Жакарта, Стамбул, Мадридде карасанатай иштерин улантышты.

Америкалык президент террорго каршы стратегия 3 максатты көздөйт деп түшүндүрдү. Биринчиден, америкалыктарды ар канадай кол салуулардан коргоо, экинчиден, даярдалып жаткан терракттардын бетин ачуу. Ал эми үчүнчү элемент өзгөчө мааниге ээ деп белгиледи Буш:

- Биз душмандарыбыз менен өз үйүбүздө каршылашпаш үчүн алар менен Иракта, Ооганстанда жана дүйнөнүн булуң-бурчунда согушуп жатабыз.

Буштун ички коопсуздук саясаты боюнча мурдагы кеңешчиси Фрэнк Чиллуффо буга чейин ушундай стратегия ийгиликтүү болуп келгенин айтат. Террористтердин тактикасы - элдин арасында коркуу сезимин пайда кылып, бийликке карата ишенбөөчүлүк маанайын жаратуу. Буш болсо Ооганстандагы, Ирактагы террористтерге каршы согуш баштап, алардын өздөрүн бушайманга салды, - деп түшүндүрөт Чиллуффо:

- Согушкерлер эми өздөрүн бычактын мизинде басып жүргөндөй сезип калышты. Алардын террористтерди машыктыруу мүмкүнчүлүктөрү чектелип калды. Биз Ооганстанда күбө болгондой, АКШга каршы күрөшкөн согушкерлерди жок кылууга шарт түзүлдү.

Башка бир аналитик Мурхаф Жуежати болсо Буштун стратегиясы адилетсиз деп эсептейт. Жуежати Жорж Вашингтон университетинин Жакынкы Чыгышты изилдөө борборунун директору.

“Азаттыктын” кабарчысы менен болгон маегинде ал президенттин өз элин коргогону жакшы, бирок террорго каршы согуш Ирактын эмес, АКШнын урушу, андыктан Ирак жергесинде жүргүзүлбөөгө тийиш эле дейт.

- Бул адилет эмес. Эми АКШнын чегаралары бекемделип, жылчыксыз кылынганда, террористтер Европаны бутага алышты. Бирок эң негизгиси террор Иракта, карапайым ирактыктарга каршы болуп жатат. Күн сайын ондогон бейкүнөө ирактыктар өлтүрүлүүдө. Америкалыктардын коопсуздугу камсыздалып жаткан кезде, ирактыктардын өмүрү тобокелде кала берүүдө.

Эң өкүнүчтүүсү деп улантат аналитик, Иракты басып алуу менен Буш согушкерлердин чырагына май тамызды. Эми АКШга каршы согушуу үчүн террордук топторго улам жаңы адамдар кошулууда. Бул америкалыктардын коопсуздугун камсыздоого салым кошот деп ойлобойм, - дейт Жуежати.

XS
SM
MD
LG