Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:31

АКШ МЕНЕН БРИТАНИЯ ИРАКТАГЫ АСКЕРЛЕРИНИН САНЫН КЫСКАРТЫШЫ МҮМКҮН


Төрөкул Дооров, Прага Британиялык жана америкалык ырасмий өкүлдөр Ирактан аскерий күчтөрдүн басымдуу бөлүгүн чыгарып кетүү жөнүндө тараган маалыматты ушак катарында баалап, аны четке кагышты. Лондондо чыгуучу гезитте “Британиянын Коргоо министрлигинин меморандумунда келээрки жылга карата Ирактагы аскерлердин саны 100 миңге кыскарат” деген кабар таркаган. Британия бул өңдүү меморандум чынында эле бар экенин, бирок ал бул маселе боюнча көптөгөн пландардын бирөөсү эле экенин айтты. Айрым байкоочулар бул кабардын Лондондогу теракттан кийин таркашын ырасмий Британиянын “алсыз чечими катарында” баалап жатышат.

Британиянын Коргоо министрлигиндеги жашыруун меморандум жөнүндө жекшембиде “Daily Mail” деп аталган гезит жазып чыкты. Британ бийликтери маалымат туура экенин ырасташты.

Өлкөнүн Коргоо министрлигинин өкүлү Жон Рейд меморандум Ирактан америкалык жана британиялык 100 миңден ашуун аскерди бир жыл ичинде чыгарып кетүү планын карай турганын билдирди. Алардын көпчүлүгүн америкалыктар түзмөкчү, бирок Ирактын түштүгүндөгү британиялык аскерлердин саны 60 пайызга чейин кыскарып, ал жерде 3 миңдей эле аскер калат деди ал.

Меморандумдун максаты “АКШнын эски планын” турмушка ашырууну көздөөрү айтылды. Ага ылайык, 2006-жылга чейин Ирактагы 18 вилояттын 14үнө көзөмөл жүргүзүү ишин толугу менен Ирак өкмөтү өзүнө алышы керек. Эгерде бул план ишке ашса, Ирактагы 176 миң америкалык аскердин саны 66 миңге чейин кыскарат.

Лондондогу Бириккен падышалык кызматы Институтунун эксперти Жонатан Линдлей бул документ тууралуу Лондондогу жардыруулардан кийин белгилүү болуп олтурганын “адаттан сырт көрүнүш” деп баалайт.

- Бул өңдүү меморандумдун бар экени анчалык деле таң калыштуу эмес. Ал аскерий пландоонун алкагында боло берет. Бирок эмне үчүн анын дал ушул убакытта жарыяланып жатышы кызыктуу суроо. Бул балким Коргоо министрлигиндеги көз караштардын карама-каршылыгынан кабар бериши да мүмкүн.

Ушундан улам, Тони Блэр жетектеген британ өкмөтүндө Ирактагы миссия тууралуу карама-каршылыктар пайда болду окшойт деген ойлор көбөйдү. Канткен менен миссия берилген убаданы азырынча толук аткарган жок – Иракта козголоң басыла элек. Келерки жылы Британия НАТО баштаган аскерий күчтөрдүн Ооганстандагы аракеттерин жетекчиликке алмакчы. Дал ошондо Британиянын аскерий күчтөрү убадасын аткарууга аракет кылышы айкын. Бул британ аскерий жетекчилигине жоопкерчиликти дагы көбөйтөт.

Ошондой болсо да, Лондондогу Стратегиялык окуулар боюнча Эларалык Институттун аналитиги Тоби Додж Ирактан аскерлерди чыгаруу аракетин АКШнын президенти Жорж Буштун жана Британиянын премьер-министри Тони Блэрдин алсыздыгы катарында кароо туура эмес деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG