Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:46

ЭДУАРД ПАК АМАНАТЧЫЛАР МЕНЕН ЖОЛУГУШАТ


Башкы прокурор Азимбек Бекназаровдун кепилдиги менен Кыргызстанга келген “Рентон групп” фирмасынын кожоюуну Эдуард Пак амантчылар менен жакынкы күндөрү жолугушууну пландаштырууда. Мурунку бийлик тушунда Эдуард Пактын үстүнөн кылмыш иши козголуп, аманатчыларды 197 миллион сомго алдап кеткен деп айыпталып жаткан.

Аманатчлардан миллиондогон сом жыйнап алган “Рентон групп” фирмасы 2003-жылдын август айында банкротко учурап, анын жетекчилери өлкөдөн чыга качкан. Ички иштер министрлигинин эсеби боюнча, 2242 аманатчы 197 миллион сомунан ажырап кала берген.

24-марттагы ыңкылаптан кийин бийлик алмашып, жаңы Башкы прокурор Азимбек Бекназаров издөөдөгү шектүү адамдар өз эрки менен келсе, камоого албай туруп, тергөө иштерин жүргүзүүгө убада берген. Анын сөзүнө ишенип, Кыргызстанга келгендердин бири «Рентон групп» фирмасынын кожоюуну Эдуард Пак.

Аманатчылардын демилгелүү тобунун жетекчиси Тамара Сесенко Пак менен бир нече ирет жолугушканын, эми жалпы аманатчылар менен жолугушуу даярдалып жатканын билдирди:

- Ооба биз жолугуштук. Мен эки жолу жолугуштум. Акчаны кайтарам деп жатат. Жалпы аманатчылар менен жолугушуу 15-июлда спорт сарайында эрте менен башталат.


Сүрөттө: 2004-жылдын сентабрындагы аманатчылардын нааразылыгынан бир көрүнүш
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG