Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:36

КАЗАКСТАНДА ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛОО ӨТКӨРҮҮ МАСЕЛЕСИ ТАЛКУУЛАНУУДА


Нарын АЙЫП, Прага Казакстанда акыркы мезгилде кезектеги президенттик шайлоо качан өтүүгө тийиш деген маселе кызуу талкууланууда. Оппозициянын пикиринде, азыркы президенттин жети жылдык мөөнөтү 2006-жылдын январында аяктай тургандыктан, шайлоону анын алдында өткөрүш керек, бийлик болсо шайлоону 2006-жылдын декабрына дайындады.

Казакстандын советтик мезгилдеги өкмөт башчысы жана кийин Казак компартиясынын борбордук комитетинин биринчи катчысы болуп иштеген Нурсултан Назарбаев алгач президент болуп 1990-жылдын 24-апрелинде парламентте шайланган жана бир жарым жылдан кийин, 1991-жылдын 1-декабрында жалпы элдик шайлоодо да жеңип чыккан. 1995-жылы болсо кезектеги шайлоонун ордуна 29-апрелде референдум өткөрүлүп, Назарбаевдин президенттик мөөнөтү дагы беш жылга узартылган, анткен менен 2000-жылга чейин күтпөстөн, Назарбаев 1999-жылдын 10-январында кезексиз шайлоо өткөргөн, бирок президенттик мөөнөт беш жылдан жети жылга чейин узартылган.

Ошондуктан кезектеги шайлоо 2006-жылдын январында өтүүгө тийиш болчу, бирок жаңы конституцияга - ар бир президенттик шайлоо декабрь айынын биринчи жекшембисинде өткөрүлүш керек деп жазылып калган, ошол себептен Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы төрайымы Загипа Балиева өткөн жылы атайын чечим кабыл алып, келерки шайлоо 2006-жылдын декабрында өтөт деп жарыялаган жана аны жакында комиссиянын жаңы төрагасы Оналсын Жумабеков дагы тастыктады:

- Менин оюмча, Казак Республикасынын кезектеги президенттик шайлоосу 2006-жылдын декабрынын биринчи жекшембисинде өтүүгө тийиш.

Америка Кошмо Штаттарында дагы президенттик шайлоо дайым ноябрда өткөрүлөт жана шайланган президент кызматка эки айдан кийин - январда киришет. Казакстанда дагы андай үлгүнү колдонсо болот, бирок ал үчүн добуш берүү - шайланган президент кызматка киришээрге бир ай калганда, мурунку декабрда өткөрүлүүгө тийиш. Бийлик болсо - Назарбаевдин президенттик мөөнөтү аяктаганга чейин шайлоо өткөрүүгө каршы жана добуш берүүнү - анын мөөнөтү аяктагандан кийинки декабрда, 2006-жылдын аягында өткөрүүнү пландоодо.

Назарбаев президенттик ант берип, кызматка 1999-жылдын 20-январында киришкен жана, эгер шайлоо кийин өткөрүлсө, январдан декабрга чейинки 11 ай аралык ичинде мамлекет башчынын расми макамы кандай болоору белгисиз. Ошондуктан, оппозициянын айтымында, андай туңгуюктан чыгыш үчүн, шайлоону бир ай мурда өткөрүү керек, анткени президенттик мөөнөттүн аякташына бир жылдан ашык убакыт калганда деле Назарбаев 1999-жылы эрте шайлоо өткөргөн.

Парламенттин ылдыйкы палатасынын бир нече депутаты Конституциялык кеңешке кайрылып, маселени чечип берүүнү суранды. "Адилет Казакстан үчүн" деп аталган кыймылдын жетекчиси жана президенттикке талапкер Жармухан Туякбайдын пикиринде, шайлоо быйыл декабрда өтүүгө тийиш:

- Менин оюмча, шайлоо быйыл болот, андан эч ким күмөн санабаш керек, декабрдын биринчи жекшембисинде шайлоо өткөрүлөт. Аны кантип уюштуруу тууралуу ойлонуш керек, парламенттин жардамы менен аны кантип өткөрүүнүн ыкмаларын караш керек.

Анткен менен көпчүлүк байкоочунун пикиринде, Конституциялык кеңеш бийликке каршы чыга албайт. Мындан он жыл мурда дагы өлкөнүн Конституциялык соту ал кездеги парламентти мыйзамсыз шайланган деп чечкен жана Назарбаев андан пайланып, парламентти таркатып жиберген, бирок андан кийин Конституциялык соттун ордуна дагы жаңы уюм, Конституциялык кеңеш түзүлгөн.

XS
SM
MD
LG