Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:31

АНЖИЯН ОКУЯСЫНАН СОҢ ӨЗБЕКСТАНДА ЭРКИН ЖУРНАЛИСТТЕРДИ КЫСМАКТОО КҮЧӨДҮ


Төрөкул Дооров, Прага Өзбекстанда көз карандысыз журналисттерди куугунттуктоо жана коркутуу өңдүү көрүнүштөр ушул жылдын май айындагы Анжиян окуяларынан кийин күчөдү. Баш кеңсеси Лондондо жайгашкан Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу институтунун өзбек жериндеги эки кабарчысы Курдат Бобожонов менен Толкун Кораевдин тажрыйбасы буга бир мисал. Кораев өткөн июнда камакка алынып, эларалык коомчулуктун өзбек бийликтерине жасаган кысымынан кийин бошотулду. Ал эми Бобожоновдун айтымында, Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу институту Өзбекстанда өз ишмердүүлүгүн токтотту.

Кораев аталган институттан сырткары Иран радиосунун өзбек кызматында да эмгектенет. Өткөн июнда ага өзбек бийликтери тарабынан кысым көрсөтүлө баштаганда ал Өзбекстандан качып кетти.

“Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып, ал азыр каерде экенин айтпоону суранды.

- 27-июнь күнү түнкүсүн саат бирде өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болдум. Алдын ала такси менен башка көчөдө жолугушабыз деп сүйлөшүп койгон болчумун. Ага олтурдум да чыгып кеттим. Бирок Кашкадарыя облусундагы блокпостторго жакын келгенде, аларды ууруларга окшоп, жөө айланып өтүүгө тура келди. Анткени алар мени токтотуп калышы деле ажеп эмес болчу.

Кораев өзү 1998-2000-жылдарда “Азаттыктын” өзбек кызматында да иштеген. Аны бийликтер өткөн айдын төртүндө “бейтартиптик” үчүн айыптап, 10 күнгө түрмөгө олтургузушкан.

Кийинчерээк, 14-июнда, түрмөдөн бошогондон кийин, келерки күнү аны кайра кармашты. Экинчи жолкусунда бир канча саат кармап туруп, журналисттин паспортун тартып алышты да өзүн бошотуп жиберишти.

Өзбек бийликтерине АКШ өкмөтү жана адам укугун коргоо боюнча бир катар эларалык уюмдар басым жасашкандан кийин гана, анын паспортун кайтарып беришти. Бирок журналист ошондон кийин да өзбек бийликтери аны башка кылмыш иши үчүн кармоого аракет кылышканын айтат.

- Менин үйдөгүлөрүм мага айтышкандай, 12 июлда Икрамов деген киши жана эки башка ырасмий адамдар Кашкадарыя облусттук прокуратурасында Махира Йориева деген аялга менин сүрөтүмдү көрсөтүп, “Бул киши ваххабист. Аны сиз тааныйм деп көрсөтмө берсеңиз, биз сизди үй-жай, машине менен камсыз кылабыз” дешкен. Бирок ал аял мени тааныбайм деп, чыгып кетиптир.

Кийин журналист АКШ өкмөтүнө жана Улуттар уюмунун Адам укугун коргоо боюнча комиссариатына жардам сурап кайрылса, алар “Эгерде сиз кайра Өзбекстанга кайтсаңыз, анда биз сизге коопсуздукту камсыз кыла албайбыз” дешкен.

Ал эми башка бир журналист, Бобожоновдун айтымында, Кораев Анжиян окуяларынан кийин бийлик тарабынан кысымга алына баштаган көптөгөн журналисттердин бирөөсү эле. Ал өзү да мунун айынан ишин токтотконун айтат.

- Ушул убакытка чейин биздин, Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу институтунун, кабарчыларына көрсөтүлгөн кысымдар тууралуу биз өзүбүздүн сайттарда жазып келдик. Бирок акыркы мезгилдерде журналисттерге коркунучтар өтө эле көбөйүп кеткендиктен, биз өлкөдө ишибизди токтотууга мажбур болдук. Мында бир карама-каршылык жаралып жатат: эмне үчүн журналисттер оор абалда чындыкты айтпай, тетирисинче ишин токтотуулары керек? - деп суроо коет журналист Бобожонов.

Бул эки журналист тең Өзбекстандагы сөз эркиндигинин келечеги тууралуу пессимисттик көз карашта экендиктерин жашырышкан жок.
XS
SM
MD
LG