Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:17

КЫРГЫЗСТАНДЫН ЕККУга КАРЫЗЫ ЧОҢ


Чолпон Орозобекова, Бишкек Кыргызстан ЕККУга мүчөлүк акысын төлөй албай калып, уюмда добуш берүү укугунан ажыратылды. Азыркы убактылуу өкмөт карызды толук төлөй албаса дагы, бир жылдык акыны төлөө аракетин көрүп жатат.

ЕККУ Кыргызстанды добуш берүү укугунан ушул жылдын июнь айында ажыратты. Вашингтондо болгон ЕККУнун соңку жыйынына катышып келген парламент депутаты Мелис Эшимканов ушул нерседен улам өтө ыңгайсыз абалда калдым дейт. Депутаттын айтымында, добуш берүү укугунан ажыратылган Кыргызстан менен Түркмөнстандын делегациясы чечүүчү соңку жыйыныдан чыгып кетүүгө аргасыз болушкан:

- Жыйынга жакыш эле катышып атканбыз. Анан чечүүчү маанилүү күн келгенде эле Кыргызстан менен Түркмөнстан талкууга катыша албайт, добуш бере албайт деп кулактандырышты. Ошондо ушундай уят болдум да. Казактар менен орустар бизди карап эле калышты. Анан жүдөгөн жетим баладай болуп залдан чыгып кеттик.

Айрым маалыматтарга караганда, Кыргызстан ЕККУга мүчөлүк акы үчүн 2 жарым миң евро карыз. Бул маалыматты “Кыргызинфо” агенттиги таратты.

Бирок Тышкы иштер министрлигинен алган маалыматка караганда, Кыргызстандын ЕККУ алдында карызы чоң. Аталган министрликтин Батыш өлкөлөр жана ЕККУ боюнча башкармалыгынын жетекчиси Арслан Анарбаевдин айтымында, Кыргызстан бир канча жылдардан бери мүчөлүк акыны төлөй албай келип, бүгүнкү күндө 900 миңден ашык евро карыз.

- Бизде чоң карыз топтолуп калган, азыр мен так санын карап атам, 993 миң евро карыз экенбиз.

Тышкы иштер министрлигинен алынган маалыматка караганда, Кыргызстан жылыга ЕККУга 75 миң еврого чукул мүчөлүк акы төлөшү керек. Демек, бул карыз мурунку бийликтин убагында бир канча жылдардан бери үйүлүп келаткан. Арслан Анарбаевдин айтымында, азыркы өкмөт тез арада жок дегенде бир жылдык акынын суммасын таап, Кыргызстандын добуш берүү укугун калыбына келтиргенге аракет жасоодо:

- Биринчиден, бул биздин бюджеттик тартыштыктан улам болду. Ошондой эле марттагы окуялардан улам башалмандык болуп кетип, маселенин техникалык себептери да болуп калды. Азыр тез арада добуш берүү укугун калыбына келтириш үчүн шашылыш каражат изделип атат.

Тышкы иштер минитсрлигинин өкүлү бул жагдай көз карандысыз мамлекеттин эл аралык абройуна шек келтирерин моюнга алат, бирок ошол элек кезде Кыргызстан менен ЕККУ ортосундагы кызматташтыкка терс таасирин тийгизбейт деп ишендирди.

Тышкы иштер боюнча мурдагы министр Муратбек Иманалиевдин айтымында, Кыргызстан анча өнүкпөгөн мамлекет катары салыштырмалуу ЕККУга өтө аз мүчөлүк акы төлөйт. 1997-жылдан баштап төрт жыл министр болуп иштеген Иманалиев мырза ошол кезде ЕККУга мүчөлүк акы өз убагында төлөнчү дейт.

XS
SM
MD
LG