Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:46

ИРАК ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИНИН ИРАНГА САПАРЫ


Ирак премьер-министри Ибрагим ал-Жаафари бүгүн Тегеранда иш сапарын улантууда. Ал расмий Тегеран менен аймактагы коопсуздук жана эки өлкөнүн болочокку мамилелери тууралуу сүйлөшүү жүргүзөөрү алдын-ала белгиленген. 1980-жылдары бул эки коңшу өлкө өз ара согушкандан бери алгачкы жолу Ирактын жогорку расмий жетекчиси Иран жергесинде сапарда жүрөт. Серепчилердин айтымында, Багдадда шийилер үстөмдүк кылган өкмөт орногондон бери, Ирак менен Ирандын өз ара алакаларын чыңдаганга олуттуу өбөлгө түзүлүп калды.

Ирак премьер-министри Ибрагим ал-Жаафари Ирандын кызматтык мөөнөтү аяктап жаткан президенти Мохаммед Хатами жана өлкөнүн жогорку рухий жетекчиси, аятолла Али Хаменейи менен сүйлөшүү жүргүзөөрү алдын-ала белгиленген. Алар талкуулай турган башкы маселелелердин ичинде коопсуздук жагдайы жана эки өлкөнүн чек араларын чыңдоо маселелери бар.

Лондондогу Экономика мектебинин (the London School of Economics) Ирак боюнча адиси Йахйа Сайиддин (Yahia Said) айтымында, ирактык өкмөттүк делегациянын Тегеранга жасап жаткан сапарынын тарыхый чоң мааниси бар:

- Бул сапардын эң олуттуу жагы – анын символдук мүнөзүнө байланыштуу деп айтсак болот ко. Бул – Иран менен болгон согуштун барактарын жабуу. Андан тышкары, шийилер жетектеген Ирак алгачкы жолу Иранга жүзүн бурууда. Демек, бул – бир нече ондогон жылдардан соң коңшу өлкөлөр мурда болуп көрбөгөндөй жалпы мүдөөгө ээ болуп жатканын айгинелейт.

1980-1988-жылдары Иран менен Ирак бири-бири менен айыгыша уруш жүргүзүп, анын айынан миллиондой киши өмүрүнөн ажыраган. Мурдагы Саддам Хусейндин режими согуш маалында химиялык куралдарды да колдонгон.

Эми премьер-министр ал-Жаафари жетектеген жана он министр кирген ирактык делегация коопсуздук көйгөйлөрүнөн тышкары, электр кубаты, отун-суу сыяктуу чарбалык кызматташтык маселелелерин да расмий Тегеран менен талкуу кылууда. Бир катар келишимдерге кол коюлаары да алдын-ала белгилеген.

Алардын бирине ылайык, Түштүк Ирактын чийки мунайзаты куур аркылуу Иранга ташылат жана өз кезегинде, Борбордук Азиянын өнөр жай ишканаларынан иштетилген мунайзат Ирандын Каспийдеги порт шаарлары аркылуу Иракка жеткирилмекчи.

Айрым серепчилердин оюнча, Иранга дагы эле кыргый кабак салган Вашингтон Багдад менен Тегерандын бул сүйлөшүүлөрүн жактырбашы мүмкүн.

Бирок лондондук адис Йахйа Сайид бул пикирлерге кошулбайт:

- Мен бул кадам Кошмо Штаттардын ачуусун келтирет деп ойлобойм. Чынында да Багдаддын азыркы өкмөтү өзүнүн кандайдыр бир көз каранды эместигин көрсөтүп, тышкы саясатта демилгени колго алууга далаалат кылып жатат.

Ал эми Иракта кырдаал курч бойдон кала берүүдө.

Бүгүн Иракта үч башка жерде жанкечилер бомба жардырып, анын айынан бери дегенде он киши набыт болду. Бул жардыруулар Багдаддын түштүк жана түндүк бөлүгүндө жана Махмудия деген шаарчада болду.

Кечээ Багдаддан алтымыш чакырымдай түштүктө жайгашкан Мусаййиб деген шаарда бир жанкечти бомба жардырып, анын айынан 98дей киши набыт болуп, 110дой киши ар түркүн жаракат алган. Ирак парламенти бул жазыксыз өлгөндөрдүн элесине арнап, келээрки шаршембиде бир мүнөткө тынып, аза күтүү жөрөлгөлөрүн өткөрүүгө чечим кылды.

XS
SM
MD
LG