Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:51

18 МИЛЛИОН ДОЛЛАРДЫ УУРДАП КЕТТИ ДЕГЕН ЖАЙСАҢБАЕВ КЫРГЫЗСТАНГА КАЙТЫП КЕЛДИ


Мындан жети жыл илгери Кыргызстандан качып кеткен Шалхар Жайсаңбаев кайра келип, 18-июлда маалымат жыйынын өткөрдү. Жайсаңбаевге 18,5 миллион долларды уурдап кеткен деген айып коюлган. Бирок ал өзү андай айыпты четке кагууда.

Шалхар Жайсаңбаев башында турган «Кыргызгазмунайзат» мамлекеттик акционердик коому 1998-жылы кудуретсиздикке учураганда аны менен кошо бир катар коммерциялык банктар да оор кыйынчылыктарга кабылган. Ошол кездеги ички иштер министри Өмүрбек Кутуев Жайсаңбаев эле эмес, ал кездеги каржы министри Таалай Койчуманов баш болгон бир катар жетекчилердин үстүнөн да кылмыш иши козголгонун жарыялаган. Бирок Жайсаңбаевдин качып кетиши менен тергөө иши натыйжалуу болгон эмес.

24-марттагы элдик ыңкылаптын натыйжасында Башкы прокурорлукка бекитилген Азимбек Бекназаров буга чейин ар кандай айыптар коюлуп, качып жүргөн атуулдар өз эрки менен келип көрсөтмө берсе, аларды камакка албай туруп тергөө ишин жүргүзүүгө кепилдик берген. Мына ошол чакырык менен келген Шалхар Жайсаңбаев 18-июлда маалымат жыйынын өткөрдү.

Сөзүн дароо эле 18.5 миллион доллардын тагдыры жөнүндө баштаган Жайсаңбаев буларга токтолду:

- 18 миллион долларды уурдап кетти деп мени айыптоо бул жомок. Мага Борбор Азия банкынан 6.5 миллион доллар насыя алып, аны КМШ мамлекеттериндеги фирмаларга которгон деп күнөө коюлган. Биз ал жактан мунай, газ алганыбыз үчүн акча которгонбуз. Ошондуктан айтаарым, насыя алган үчүн жана аны менен төлөөлөр жүргүзгөн үчүн камабайт.

Жайсаңбаевдин айтымында, ошол кезде өз ыргагы менен иштеп жаткан «Кыргызгазмунайзатты» атайын кудуретсиздикке учуратып, мүлкүн ээлеп алуу аракети жасалган:

- “Кыргызгазмунайзат” мурунку бийлик тарабынан атайын кудуретсиздикке учуратылган. Максат анын мүлкүн ээлеп алуу болгон. Мүлктүн негизин ар биринде 20 миң тонна мунай сактаса боло турган 24 мунай база, 125 май куючу жай, мунай ташый турган 240 вагон түзгөн. Булардын баары оңдолуп түзөтүлгөндөн кийин кудуретсиздикке учуратылды. Аны менен кошо 6 банк кыйрап, 10 миңдеген аманатчылар күйдү.

Эми бул жерде кимдин күнөөсү бар экенин, мүлктүн кимдин колуна кандай жол менен өткөнүн Башкы прокуратуранын тергөөсү аныктоого тийиш, деп белгиледи Жайсаңбаев.

Ошол кездеги каржы министри Таалай Койчуманов да 18 миллион доллар жомок болгон деген оюн билдирди:

- Чындыгында эле бул ойлоп табылган жомок болгон. Мен деле кезинде жазганмын. “Кыргызгазмунайзатты” атайлап кудуретсиздикке учуратышкан. Себеби мүлкү көп болгон. Мына ошол кимдир-бирөөлөргө керек болгон.

Койчумановдун айтымында, эгерде ошол кезде эле Жайсаңбаев жок дегенде маалымат каражаттары аркылуу түшүндүрмө бергенде, каржы министрлигинин жетекчилиги жок жерден жоопко тартылмак эмес.

Мурунку президент Аскар Акаевдин жакын кишилеринин бири Болот Жанузаков Жайсаңбаев менен сүйлөшүп, Кыргызстанга келип көрсөтмө берүүгө чакырганын, бирок анын келбей койгонун маалымдады.

Шалхар Жайсаңбаевдин адвокаты Зинаида Малярова анын мурда эмес, азыр келгенинин себебин мындайча түшүндүрдү:

- Биздин Башкы прокуратурага келүүбүз Азимбек Бекназаровго, жаңы өкмөткө ишенгенибизге байланыштуу. Биз Башкы прокурордун камакка албайбыз деген сөзүнө ишенип, өз убагында келип, түшүндүрмө бердик. Шалхар Жайсаңбаев 18 миллион доллар уурдалды деген жомок экенин жакшы билет. Мына ошондуктан ал келип, жооп берүүгө даяр болууда.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG