Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:40

ЖАҢЫ БИЙЛИКТИН ИЙГИЛИГИ АНЫН ЖАҢЫЛАНЫШЫНА ЖАРАША БОЛОТ


Кыяс Молдокасымов, Бишкек Президенттик шайлоо өттү, Конституциялык сот шайлоонун мыйзамдуулугун тааныды. Жаңы президенттин инаугурациясы 14-августта болоору аныкталды. Эми маселе жаңы өкмөт курамы кандай чечилээринде, кимдер ага кирээринде калды. Анткени көпчүлүк эксперттер буга чейин топтолгон маселелердин чечилиши ошол жаңы дайындалган кадрларга байланыштуу деп эсептешет. Айрым талдоочулар кадр маселесин чечүү бир топ татаал болоорун, ал түгүл айрым карама-каршылыктарды жаратаарын белгилешет.

Президенттик шайлоо өткөнү менен алдыда адилет чечилүүгө муктаж болгон дагы көп маселелер жаткандыгын айрым аналитиктер баса белгилешүүдө. Алардын бири кадр маселеси. Мына ушул кадр маселесин чечүүдө карама-каршылыктар болоорун жаңы бийликтин кээ бир өкүлдөрү өздөрү да танбайт.

Бирок Президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев андай пикирлер менен макул эмес:

- Кандайдыр бир маселе боюнча талаш-тартыш болот, көз караштар ар кандай болушу мүмкүн. Бирок ошолордун бардыгын кеңешип туруп ортого салып, анан чечиш керек. Анан бири-бирине карама-каршылыкты күчөтө берсе, мындан жакшылык болбойт. Мүмкүнчүлүк болушунча мындай карама-каршылыка жол бербеш керек. Элди ойлогон болсок, стабилдүүлүктү ойлогон болсок, анда мындайга жол бербеш керек.

Ал эми биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Феликс Кулов эгерде Өкмөт башчысы болуп калса анда татыктуу, таза, иштин көзүн билген кадрлар менен гана иштешүүнү көздөөрүн, ошондо гана саясый оюндарга бөгөт коюлаарын айтып келет:

- Биз үчүн кадрларды тандоодогу башкы факторлор иш билгилик сапаттар жана тазалык болот. Эгерде мен премьер-министрликке сунушталып, бекитилсем, мени тигил же бул кызматка сунушталган адамдын программасы кызыктырат. Эгерде анын ошол тармакты кризистен чыгаруу боюнча программасы болсо, ал тиешелүү кызматка дайындалышы мүмкүн. Бирок белгилүү мөөнөттүн ичинде ал адам өзүнүн программасы боюнча иштеп, жыйынтыгын көрсөтүшү керек. Биз тандап алган кадрларга өтө жогору талаптар коюлат. Эгерде алар өз ишин аткара албай, программасын жүзөгө ашыра албаса, анда алар кетиши керек. Бул бийлик бутактарынын ортосундагы кагылышууларга алып келе турган кандайдыр бир чоң саясий оюндарга алып келбейт.

Буга чейин жаңы өкмөттүн курамында болуп келген, бирок айрым маалыматтар боюнча Феликс Кулов түзүп жаткан жаңы өкмөттүн тизмесине кирбей калган вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Данияр Үсөнов элдин кызыкчылыгын эң бийик орунга коюп, тил табышып иштеше берээрин билдирет.

- Менин оюмча, биринчиден Курманбек Салиевичтин айтканы абдан туура. Анан биз деле ар кайсыл жактан угуп атабыз, окуп атабыз Феликс Куловдун өзүнүн программасы бар экен, өзүнүн командасы бар экен деп. Эми ал өзүнчө саясатчы киши. Бирок бүгүн президент шайланды. Ошон үчүн мен мындай жооп берет элем, Президент чечет, бизге Президенттен сунуш түшсө кызмат үчүн эмес, эл үчүн иштеп бергенге биз макулбуз. Сунуш түшпөсө барып өзүбүздүн жумуштарыбызды кыла беребиз. Элдин кызыкчылыгы эң бийик нерсе, ошол үчүн биз тил табышып иштешибиз керек.

Ал эми Эркиндик партиясынын лидери Топчубек Тургуналиев азыркы бийликтен чечкиндүү кадамдарды күтөөрүн, мурдагы кадрлардан, айрыкча кошоматчылардан тазаланбаса анда жаңы бийлик элдин ишениминен тез эле чыгып калаарын эскертет.

- Эми бул маселеде биз чечкиндүү кадамдарды койот деп күтүп турабыз Курманбек Баиев тараптан. Ал эмне деген сөз? Мобу Акаевдин заманындагы кадрларды жакынкы эле айлардын ичинде бүт бардыгын бошотуш керек, бул биринчиси. Экинчиси жанагындай кошомат кылып жүргөн арзыматтар булар өтө коркунучтуу адамдар да. Ар кандай бийликтин арасына, коюн колтугуна кирип кетип анан буза тургандар, бул тарабынан алганда да чечкиндүү кадамдарды жасаш керек.

Коомчулукта кадр саясатына байланыштуу мына ушул сыяктуу карама-каршы пикирлер өкүм сүрүүдө. Бирок ага карабай бул багытта зор өзгөрүүлөр болоорунан жалпы эл үмүттөнөт.

XS
SM
MD
LG