Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:50

АЛОИЗ ПЕТЕРЛИ: «АЗЫРКЫ ӨКМӨТТҮН ЧЕЧКИНДҮҮЛҮГҮ ЖЕТИШТҮҮ»


Чолпон Орозобекова, Бишкек ЕККУнун атайын өкүлү Алоиз Петерле президенттик шайлоодон кийин Кыргызстан бийлиги менен жолугуш үчүн атайын келдим деп билдирди. ЕККУнун өкүлүнүн пикиринде, президенттик шайлоо демокартиялык өнүгүүдөгү жетишкендик болду. Ал бүгүн өкмөт үйүндө ырасмий адамдар менен жолугушуп, Кыргызстандын мындан аркы өнүгүшү жөнүндө өз ойлору менен бөлүштү.

Алоиз Петерле Кыргызстандагы президенттик шайлоону демократиялык өнүгүүдөгү чоң жетишкендик катары баалады. Ал эми ЕККУнун демилгеси менен талапкерлер үчүн жазылган кодекске бардык талапкерлер кол койбогону менен баары тең өзүн ошол жүрүш-туруш кодексине кол койгондой алып жүрүштү деп билдирди.

Жолугушууда Феликс Кулов шайлоону өткөрүүдөгү чоң жардамы үчүн ЕККУга ыраазычылык билдирди. Ал мурдагы эски адатын таштай албаган айрым чиновниктер шайлоо кампаниясында Бакиевге жагыныш үчүн «бөрк ал десе баш алган» иштерди жасаган учурлар болгонун да айтты.

Алоиз Петерле андан кийин вице-премьердин милдетин аткаруучу Адахан Мадумаров менен жолугушту. Ошондой эле журналисттердин суроолоруна жооп берди. Алоиз Петерленин пикиринде, азыркы бийликтин өлкөнү азыркы кырдаалдан алып чыгууга чечкиндүүлүгү жетиштүү. Эл болсо азыркы бийликтен өзгөрүүлөрдү күтүп жатат:

- Мен шайлоо дал ушундай өткөнүнө кубанычта экенимди дагы бир жолу айткым келет. Азыркы өкмөт өлкөнүн бакубатчылыгы үчүн баарын жасоого чечкиндүүлүгү жетиштүү экенин көрүп турам. Президенттин коррупцияга күрөшүү максаттарын колдойм жана буга ЕККУ ар тараптан колдоо көрсөтөт.

ЕККУга мүчөлүк акысын төлөй албай калган Кыргызстан добуш берүү укугунан ажырап калгандыгы белгилүү. Тышкы иштер министрлиги билдиргенге караганда, Кыргызстан бүгүнкү күндө ЕККУга 900 миң евро карыз. ЕККУнун Бишкектеги кеңсесинин саясий маселелер боюнча кеңешчиси Виллиам Дайри Кыргызстан ЕККУда добуш берүү укугунан толук ажыраган жок дейт:

- Мүчөлүк акы узак убакыт бою төлөнбөгөндүктөн ЕККУнун парламенттик ассамблеясында Кыргызстандын парламент өкүлдөрү добуш берүү укугунан ажырады. ЕККУда Венада добуш берүү укугунан ажыраган жок. Бул деген эки башка нерсе. ЕККУда жалпы эмес, парламенттик ассамблеяда гана добушунан ажырады.

ЕККУга Кыргызстан 1992-жылы мүчө болгон. 2004-жылы Орусия менен Казакстандын демилгеси менен жасалган ЕККУну реформалоо боюнча тогуз мамлекеттин билдирүүсүнө Кыргызстан да кошулган.

XS
SM
MD
LG