Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:32

ЖАРЫМ ЖЫЛ ИЧИНДЕ ДАГСТАНДА 70 ТЕРОРДУК АКТЫ ЖАCАЛДЫ


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Дагстанда алты айга жетпеген убактын ичинде 70 теракт болгон. Ишке ашырылган жардыруулардын жарымы Дагстандын жогорку кызматта олтругандарына каршы, жарымы – жергиликтүү депутаттар, милиция кызматкерлери жана федералдык аскер кызматындагыларга каршы жаcалган.

Дагстанда жардыруулар жергиликтүү бийлик ээлерине гана эмес федералдык күчкө каршы жаcалаарын көз салуучулар белгилешет. Үстүдө жылдын алты айга жетпеген маалында 70 жардыруу болсо анын жарымы жергиликтүү бийлик ээлерине, жарымы – федералдык күчкө каршы багытталганын айтышууда.

Бул туурасында, маселен, Орусиялык илимдер Академиясынын Түштүктү изилдөө борбору таркаткан маалыматка шилтеме берип, Москвадагы адам укугун коргоо уюму айтып чыкты. Сырттан көз салуучулар оозундагы кепте “дагстандык башкаруучу элита чынында эле коомчулукту башкаруунун эки тизгин бир чылбырын колдон чыгарып ийген”.

Жума күнү Түштүк чегараны кайра куруу ишине байланыштуу ал жакта жүрүп, Владимир Путин коопсуздукту чыңдоо максатта Дагстанда бир, Карачай-Черкесте экинчи аскердик базалар жайгаштырыла тургандыгын жарыялады. Ал үчүн келерки жылдын бүжетине 4 миллиард рублей каралып атканын Герман Грефф ошол жерде айтты. Орусиялык лидер айтканга караганда мындай кадам ал жактагы уюшулган кылмыштуулукту ооздуктоого кепил болот.

Путин күч органдар жетекчилерине кайрылып мындай деди:

- Коопсуздукту сактоодо атайын кызматтагылар, аскер кызматындагылар жана чегарачылар бири-бири менен макулдашып аракет жаcап, биргелеш иш алып барышсын деп силерди бул жерге чакырдым. Бул жерде ички иштер министрлиги натыйжалуу иш жүргүзүшү үчүн ага жөлөк болушуңар керек. Уюшулган кылмыштуулуктун жыты да калбагыдай кылып анын акесин таанытуу керек.

Анализчилер кээ бирлери, Федералдык борбор ал жакта канчалык күч топтобосун Дагстан ичинен чачырап кетүү коркунуч алдында дешет. Ал жумурият улуттук саясат борборунун жетекчиси Тимур Мурзаевдин пикири төмөнкүчө:

- Чынчынына келгенде, Дагстанда тарам-тарам болуп ичинен ажырап кетүү коркунучу жок, Дагстанда ичинен жарылып кетүү коркунучу бар дейм. Социалдык тереңде катылып келген, саясий, диний дагы башка ар кыл түрдөгү жарылып кетүү болот.

Жумуриятта ички абалдын оңолушун каалабаган дал ошол бийлик өзү экенин Орусиянын исламдык комитетинин лидери Гейдар Жамал айтты:

- Алар ички абалдын ырааттуу болушун каалашпайт. Алар жаштарды тоо таянып согушуучуларга качып кетишин каалашат. Тополоң болушун каалап, ошондо анан алар, Ислам Каримовдой аларды кан жуткузууну самашат. Мындай кадамды алар - түстүү ыңкылаптын тизгинин каңтаруу деп түшүнүшөт.
Жумуриятта социалдык гана эмес диний кризистин күч алуусу тууралуу кеп бар. Ошого карабай Махачкала саясий төбөлдөрү менен Кремл кожоюну алакасы таттуу бойдон калып келет.

XS
SM
MD
LG