Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:03

БРИТАНИЯ ТЕРРОРЧУЛУККА КАРШЫ ЖАҢЫ МЫЙЗАМ ДАЯРДАП ЖАТАТ


Нарын АЙЫП, Прага 18-июлда британ премьер-министри Тони Блэр Лондон шаарында оппозициялык партиялардын жетекчилери жана мусулман коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугуп, террорчулукка каршы даярдалып жаткан жаңы мыйзам долбоорун талкуулады. Долбоор боюнча, террор аракеттерин жана террорчуларды даярдоо же аларды пропагандалоо мындан ары кылмыш болуп эсептелинүүгө тийиш.

Консультациялык жыйындыр дагы уланат, бирок кээ бир оппозициялык уюмдар долбоорду сынга ала баштады. Укук коргоочулардын айтымында, террорчулукка үндөп жатат деп бул жаңы мыйзамдын негизинде эми Британиядагы мечиттер да жабылышы мүмкүн, бирок андай жоромолдорду ички иштер министри Чарлз Кларк четке какты.

Өткөн аптада болсо Британиянын тышкы иштер министри Жек Стро Пакистанды сынга алып, анын аймагындагы көптөгөн медресе террорчуларды даярдоого салым кошуп жатат деп билдирген, бирок Пакистандын Бириккен Улуттардагы элчиси Мунир Акрам ага жооп берип, Британиянын өзүндө туулуп-өскөн адамдар террор аракеттерин уюштуруп жатканынын себебин Лондон башка мамлекеттерден издебеш керек деп билдирди.

Анткен менен Пакистандагы медреселер чындап эле маселе жаратууда жана ал тууралуу лондондук эксперт Кристина Корбетт да айтат:

- Пакистандагы медреселердин айрымдары бир топ экстремисттик маанайда иштейт жана өкмөт аларга каршы дээрлик эч аракет көрбөйт. Андан тышкары, Пакистандын аймагында эмгиче "ал-Каида" уюмунун жогорку жетекчилиги жашынуууда деген да маалыматтар бар.

"Ал-Каида" менен байланыштуу кээ бир эксперттер - эгер АКШ менен Британия Иракка каршы согуш баштабаганда, бул уюмдун аракеттери да азыркыдай кеңири тарабайт эле деп айтууда жана акыркы мезгилде террорчулуктун күчөгөнүнө Вашингтон менен Лондон кандайдыр бир ченемде өздөрү күнөөлүү деген пикирде.

Жек Стро болсо аны менен макул эмес:

- Террорчулукка кечирим кылуу убактысы өттү. Террорчулар азыр бүткүл дүйнө боюнча аракеттенүүдө - алар Ирактагы согушту баштаган АКШны колдогон өлкөлөрдө дагы, ал согушка эч тийешеси жок мамлекеттерде дагы аракеттенип жатат. Алар жарылууларды Кенияда, Танзанияда, Индонезияда, Йеменде ишке ашырууда. Жакында эле алар Түркияда дагы жаңы жардыруу жасады, бирок бул өлкө Ирак согушуна каршы чыккан.

Аны менен катар, Лондон шаарында жайгашкан салмактуу жана барктуу "Чэтэм хаус" деген изилдөө институту атайын отчет чыгарып, Иракка каршы башталган согушту "ал-Каида" өз аракеттерин кеңейтүүгө кеңири пайдаланганы шексиз деп билдирди. Анын эксперттеринин айтымында, бул согуш "ал-Каиданын" пропагандасы үчүн иштеп жатат жана Ирактын аймагы анын террорчуларды даярдоо үчүн өтө ыңгайлуу базасына айланды.

XS
SM
MD
LG