Учурда басма сөз аркылуу коомчулуктун кызуу талкуусуна коюлган Баш мыйзамдын долбооруна адам укуктарын коргоо боюнча бейөкмөт уюмдардын жана атуулдук коомдун өкүлдөрүнөн турган Конституциялык кеңешменин кээ бир өкүлдөрү тарабынан сунушталган айрым беренелердин бөлүкчөлөрү кошумча киргизилбей калгандыгына нааразы болушууда. Алардын бири Токторбек Ашыркул уулу мындай пикирде:
- Учурда күчүндөгү 2003-жылдагыКонституциянын 16-беренсиндеги 22 бөлүкчө адам укугуна байланыштуу. Ал эми Баш мыйзамдын жаңы долбоорунда 10 бөлүкчө кыскартылып, 12 эле бөлүкчө калыптыр. 16-берененин мурдакы 22 бөлүкчөсүн калтырып сотко байланыштуу адам укуктарын коргоо боюнча дагы жаңы орчундуу кошумчаларды киргизүү керек деп кол көтөрүп, Конституциялык кеңешменин отурумунда макул болгонбуз. Тилекке каршы биздин сунуштар эске алынбаптыр.
Токторбек Ашыркул уулунун айтымында, Баш мыйзамдын 16-беренесине киргизилбей калган бөлүкчөлөр Консититуциялык кеңешменин төрагасы же уюштуруу комитети тарбынан киргизилбей калышы мүмкүн.
- Менимче, бул Конституциялык кеңешменин төрагасынын же уюштуруу комитетинин кетирген кемчилиги. Ошондуктан адам укугу боюнча маселе азыркы элге таркатылган долбоордо түшүнүксүз болуп калат. Дагы белгилеп кетүүчү орчундуу маселе, долбоордун кыргызча котормосунун үлгүсү аликүнчө эксперттерге таркатылып берилбегендиги. Анткени котормодо өзгөчө айырмалар бар. Мисалы, Конституциянын 80-беренесинде Жогорку соттун жана Конституциялык соттун соттору 35 жаштан 70 жашка чейин дайындалышы керек деп жазылып турат. Ал эми кыргызча котормодо соттор 70 жаштан жогорку жарандар дайындалат деп көрсөтүлгөн. Муну кандай түшүнсө болот. Мына ушундай орчундуу келишпеген жагдайлар абдан арбын.
Консититуциялык кеңешменин мүчөсү, юрист Нурлан Садыков Кылмыш кодексине байланыштуу шектүү делген адамды кармоодо сот аркылуу кармоо, тынч митинг өткөрүү жана башка адам укуктарына байланыштуу сунуштар Баш мыйзамдын долбооруна киргизилбей калганын билдирди.
Ал эми Конституциялык кеңешменин төрага орун басары Данияр Нарынбаевдин айтымында, Наталья Аблова башында турган fдам укуктары боюнча бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнүн өтүнүчү менен Баш мыйзамдын 16-беренеси кайрадан иштелип чыгып, жумушчу топко сунушталган.
- Чынында жаңы долбоорго сунушталган 16-беренедеги айрым бөлүкчөлөр көлөмү азайганы менен жеңил, эркин тил менен жазылып калыптыр. Мына жаңыдан элдик талкуулар башталбадыбы.Талкуу маалында чындап эле адам укуктарына байланыштуу кээ бир бөлүкчөлөр киргизилбей калыптыр. Кийинки айда Конституциялык кеңешменин жумушчу тобунун отуруму болот, ошондо талдап, карап көрүп керектүү бөлүкчөлөрдү, толуктоолорду киргизебиз. Бул жерден саясий кынтык издөөнүн кажети жок.
Конституциялык кеңешменин мүчөсү Атыркүл Алишева эл аралык экспертер жана Венециялык комиссия Баш мыйзамдын жаңы долбоорунда адам укуктары чектелип калгандыгын сынга алгандыгын билдирди.
- Эл арлык эксперттер, Венециялык комиссия жакында Бишкекке келди. Алар Конституциялык соттун төрайымы Чолпон Баекова менен жолугушуп, Баш мыйзамдын жаңы долбоорунда адам укуктарына чек коюлгандыгын, 16-беренедеги адам укуктары боюнча бөлүкчөлөрдүн жарымы кыскартылганын эскертип сын пикирлерин айтышты.
Атыркүл Алишева мындан сырткары 2003-жылы Баш мыйзамга аткаруу бийлиги тарабынан өзгөртүүлөр киргизилип, бийликти бир адамдын колуна топтоо максатында уюштурулган жасалмалуулукка, алардын кетирген каталыктарына атуулдук коом жол бербөөгө бардык аракеттерин жасаарын кошумчалады.