Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:06

ООГАНДЫК ТАЛАА КОМАНДИРИ БРИТАНИЯДА СОТТОЛДУ


Британиянын соту оогандык мурдагы талаа командири Фарияди Сарвар Зардадды 20 жылга түрмөгө кести. Эларалык юриспруденциянын тарыхында алагачкы жолу Британия башка өлкөдө орун алган кылмыш үчүн жооптуу адамды өз жеринде соттоду. Күбөлөр болсо өз көрсөтмөлөрүн сателлит аркылуу беришти.

Зардад 1990-жылдары Кабулдун чыгышындагы аймакта карапайым тургундарга көрсөткөн зомбулук үчүн айыптуу деп табылды. 1998-жылы ал Британияга көчүп барып, 2002-жылы камакка алынганга чейин пиццерияда иштеп жүргөн.

Эмнести Интернешнл уюмунун маалымат өкүлү Лидия Аройо бул процесс эларалык юриспруденция иштейт дегенди билдирет деди:

- Сот кыйноолор эларалык кылмыш экенин, мындай кылмыш эч бир жерде болбош керектигин көрсөттү. Бул процесс ооган эли үчүн өтө маанилүү болду. БУУнун кыйноолорго каршы Конвенциясынын алкагында алагачкы жолу чет өлкөлүк жаран башка жерде жасаган кылмышы үчүн Британияда соттолду.

Британиялык уюмдардын бирин жетектеген укук коргоочу Кевин Лойе кыйноолордон аман калгандарды реабилитациядан өткөрүү менен алектенет.

- Зардадды сот жообуна тартуу менен Британия кылмышкерлер каалаган өлкөгө келип алып, тынч жашай беришбейт, алар кайсы жерде болбосун кылмыштары үчүн жооп бериши керек деген ишара кылды. Бул жагынан азыркы процесс прецедент жаратты, - деп эсептейт адвокат Лойе.

Зардад жана анын шериктери 1992-96-жылдары Кабул менен Жалалабадды байланыштырган жолду көзөмөлдөп турган кезде ары бери өткөн элге зомбулук көрсөтүп, аларды уруп-сабап, өлтүргөн учурлар да болгон.

Ооганстандын адам укуктары боюнча көз карандысыз комиссиясынын басма сөз катчысы Надер Надери оогандыктар Зардад жана анын адамдары жарандык согуш учурунда кандай кылмыштарды жасагандыгын жакшы билишет дейт.

Видео аркылуу байланышкан күбөлөрдүн бири бир нече ай бою кармалып келгендигин, бети-башы таанылгыс кылып таяк жегендигин айтып берди.
Зардад экс-премьер-министр Гүлбеддин Хекматиярдын Хизб-и-Ислами партиясына кирчү. Хекматияр болсо азыр качып жүрөт.

“Оогандыктар үчүн Зардаддын соттолушу өтө маанилүү, - дейт Надери. Алар адилеттүлүккө ишенип калышты”.

Сүрөттө: Оогандык мурдагы талаа командири Фарияди Сарвар Зардад

XS
SM
MD
LG