Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:37

ӨМҮРБЕК СУВАНАЛИЕВ САЯСИЙ ОЮНДАРДЫН КУРМАНДЫГЫ БОЛДУБУ?


Ички иштер министринин орун басары, Бишкек шаардык милициясынын башчысы Өмүрбек Суваналиевдин кызматтан кеткендиги 19-июлда айкын болду. Элдик ыңкылаптан кийин борбор милициясын жетектөөгө келген генерал-майордун иштен кетүүсүнө эмне себеп болду?

Эл ичинде “Комиссар Катани” деген да аты бар Өмүрбек Суваналиев 24-марттагы ыңкылапка чейин Нарын облустук ички иштер башкармалыгын жетектеп келген. Андан кийин май айынын башында ички иштер министринин орун басары, Бишкек шаардык милициясынын башчысы болуп дайындалып, көп узабай генерал-майор наамы берилген. Бул кызматта үч айга жакын иштеп, мына эми кызматтан кетүү жөнүндө арыз жазып бергени маалымдалууда.

Суваналиев арыз жазуусунун себеби мындайча түшүндүрдү:

- Ачык айтканда (менин) кызмат ордум (кимдир бирөөлөргө) керек болуп жатат. Анан мага Баткенге бар деп сунушташты. Эгерде ал жерде согуш болуп жатса мен өзүм суранып, биринчи жөнөмөкмүн. Баткенде тынч болуп турганда, ал жака жөнөтүү саясий оюн болуп жатканын мен туура түшүнүп атам. Ошондуктан дароо айттым, Баткенге барбаймын, кызматтан кетемин деп билдирдим. Ошол эле күнү кечинде Бакиев мени министрдин орун басарынан, Бишкек милиция башчылыгынан бошотту.

Келечектеги иш аракети тууралуу Суваналиев буларды билдирди:

- Мен эми жумуш издеймин. Ал эми саясаттан болсо кетпеймин.

Суваналиевдин кызматтан кокус кетүүсүнө карата коомчулукта бир жактуу пикир жок. Көпчүлүк мыкты иштеп жаткан адистин бошотулушуна жеңил айтканда түшүнбөстүктү, өкүнүчтү билдирүүдө. Бирок Суваналиев оройлугунан жана ишиндеги айрым кемчиликтерге байланыштуу кызматтан четтетилди дегендер да бар. Белгилүү укук коргоочу Турсунбек Акун ушундай пикирде:

- Биринчиден, Суваналиев орой болбош керек эле. Жогорку сотто пикетке чыккандарга кол салынганда байкоочу болуп, эч чара көрбөй туруп алды. Андан кийин мага, Үсөн Сыдыковго жаман сөз айтып, катуу тийди.

Укук коргоочу Азиза Абдрасулованын айтымында, 16-майда Асанбай кичи районунда милициянын жер басып алуучуларды токмоктоосу жана 1-июлда Жогорку соттун имаратынын алдында кагылышкан тараптарды ажыратууга киришпей койгону Өмүрбек Суваналиевдин кызматтан кетүүсүнө себеп болгон жок. Бул жерде башка себептер бар, деп эсептейт Абдрасулова.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Темир Сариевдин пикиринде, Суваналиев президенттик шайлоодон кийинки саясий оюндардын курмандыгы болуп калды:

- Менин оюмча, шайлоодон кийинки чоң саясий оюндардын биринчи курмандыгы Өмүрбек Суваналиев болуп калды. Бул оюн дагы уланат. Анткени саясаттын табийгаты ушундай. Бирок мен үчүн абдан өкүнүчтүүсү милиция системасынан ушундай кесипкөй адамдардын кетип жатышы.

Кыргызстан Элдик Кыймылынын лидерлеринин бири Виктор Черноморецтин пикиринде, Суваналиевди жетекчилик Баткен облусуна атайын максат менен, ошол жердеги ички иштер башкармалыгын, ички иштер министрлигинин жергиликтүү органдарын чыңдоо үчүн жиберип жатышы ыктымал. Анткени учурда Анжиян окуясынан кийин түштүктө качкындар пайда болду, кырдаал бир жактуу эмес, деп эсептейт Виктор Черноморец.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG