Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:15

ПАКИСТАН ПРЕЗИДЕНТИ ӨЛКӨДӨГҮ ДИНИЙ УЮМДАРДЫ СЫНГА АЛУУДА


Нарын АЙЫП, Прага Пакистан президенти Первез Мушарраф Лондондогу жардырууларды уюштургандар Исламдын атынан сүйлөгөнү менен Исламга каршы аракетенген деп билдирди жана аны менен катар Пакистандын өзүндөгү диний уюмдарды да сынга алды.

Пакистан президенти Первез Мушарраф 18-июлда Исламабадда өткөн жаштар конференциясында чыгып сүйлөп, Лондон шаарында 7-июлда ишке ашырылган террор аракеттери Исламга каршы багытталган деп билдирди:

- Бул диний террорчулук, Исламдын атынан жасалган террорчулук чындыгында Исламга каршы багытталган. Исламдын атынан жасалып жаткан жанкечтилик террорчулук ислам эмес. Курани карим ошого үйрөтөт бекен?

Анын айтымында, элүүдөн ашык адамдын өмүрүн алып кеткен Лондондогу жардырууларды Курандагы бир да сөз актабайт. Аны менен катар Мушарраф - Пакистандын аймагында аракеттенген кээ бир медреселер экстремизм менен террорчулукка аралашканын моюнга алды жана өлкөдө өтө эле көп диний аскерий уюмдар бар экенин сындады:

- Өлкөдө аскерий деп аталган диний уюмдар өтө эле көп - "Жаиш" деген Мухаммеддин армиясы, "Сипаи" деген Мухаммеддин шакирттеринин аскери, "Сундулла" деген Алланын армиясы. Менин айтайын дегеним, мамлекетте бир гана армия болууга тийиш. Он беш армия болбош керек. Андан тышкары алар өз пикирин башкаларга таңуулайт.

Бирок медреселерде окуган студенттер президент менен макул эмес:

- Мен ушул медреседе окуйм, көптөн бери окуйм. Бирок кимдир бирөөнү террорчулукка үйрөтүп жатканын эч качан уккан эмесмин. Бул чындап эле жийиркенерлик нерсе, - дейт Афзал Шайих аттуу студент.

Анткен менен Ооганстанга советтик аскерлер киргизилгенде, кошуна Пакистандын коопсуздук кызматы дал ушу медреселерде окуган ооган качкындары арасынан жаштарды тандап алып, аларды советтик оккупацияга каршы согуштурган. Кийин болсо дал ушу медреселердин студенттери Талибан кыймылын түзүп, Ооганстандагы бийликти тартып алганы да белгилүү.

XS
SM
MD
LG