Визасы узартылбаган америкалык профессор Терри Бэш беларус бийликтеринен өлкөдөн 24 сааттын ичинде чыгып кетүү жөнүндөгү көрсөтмөнү өткөн аптада алган. Профессордун айтымында, мындай чукул чечимдин жүйөөсү боюнча эч кандай расмий түшүндүрмө берилген эмес:
- Беларус өкмөтү мага виза берүүдөн баш тартып, ошол эле 14-июль күнү өлкөдөн кетүүмө көрсөтмө берди. Бирок менин документтерим жана визам өкмөттө тургандыктан, алар кайтарылмайынча мен кете албайм. Мен бул жерде эки жылдан бери болчумун жана жүрүм-турумум, сабак берүүм аркылуу беларус элине жардам берүүгө аракеттенгенимди көргөзгөнмүн.
Терри Бэш "Хартия- 97" деп аталган беларусиялык укук коргоо уюмунун Интернеттеги баракчасына коюлган катында " 2006-жылдагы президенттик шайлоо алдында президент Александр Лукашенко өлкөнүн Батыштын өкүлдөрүнөн тазалоо боюнча чоң кампания баштады" деп жазган. Демек америкалык окумуштуу Беларусиядан чыгарылуусунун жүйөөсүн ушундан көрөт. Ал 20-июлда Беларусиядан эки кызы менен бирге Литвага жөнөп кетти.
Профессор Терри Бэш "Азаттык жана Эркин Европа" радиосуна берген маегинде саясатка аралашпаганын, беларус оппозициясы менен эч качан байланыш түзбөгөнүн белгиледи. Профессордун айтымында, ал илимий, гуманитардык жана кайрымдуулук, анын ичинде студенттик алмашууларды уюштуруу, англис тилиндеги окуу китептерин алып келүү менен алектенген:
- Биз АКШдан кээ бир мектептер менен китепканалардын кызыгуусун жарата алып, алар 40 миң нуска китепти кайрымдуулук жардамы катары беришти. Мен алардын океан аркылуу алынып келинген акысын төлөдүм. Алынып келингенден кийин Беларусиянын Билим берүү министрлигине англис тилиндеги 40 миң нуска китепти таратуу мүмкүнчүлүгү бар экенин айтып, байланышсам, тилекке каршы алар тараптан эч кандай кызыгуу болгон жок.
Айтор профессор Терри Бэш Беларусиядан чыгарылган батыштык биринчи окумуштуу эмес. Маселен былтыр июлда эле Лондондогу Кингстон университетинин радиология боюнча эксперти Алан Флуэрстин визасы жокко чыгарылып, ага Беларусия беш жылга чейин келүүгө тыюу салган болчу. Анда да бийлик тарабынан эч кандай түшүндүрмө берилген эмес. Ошондой эле былтыр июлда Европалык гуманитардык университет деп аталган жеке менчиктеги окуу жай жабылган болчу. Ал батыштык типте билим берип, Батыш өлкөлөрү менен Беларусиянын ортосундагы студенттик алмашууларга шарт түзүп жаткан эле. Президент Александр Лукашенко кийинчерээк ал окуу жай батышчыл нуктагы кадрларды даярдап жатканы үчүн жабылганын моюнга алган.
Европалык гуманитардык университет быйыл жыл башында кайра Литвада ачылды. Дегеле Беларусияда президент Александр Лукашенко советтик үлгүдөгү билим берүүнү калыбына келтирүүгө аракеттенүүдө, студенттер арасында демократиялык же мамлекет колдобогон идеяны жайылтуу - ал кыртышы сүйбөгөн көрүнүштөрдөн. Былтыртан тарта, маселен, Беларусияда мамлекеттик идеология менчигинин түрүнө карабай, бардык жогорку окуу жайларда милдеттүү курс катары киргизилди.